Коронавирус

Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкер коронавирус оорусуна чалдыкты image

17 Июнь, 2021 558

Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкер коронавирус оорусуна чалдыкты. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч. 

Былтыртадан бери жалпысынан COVID-19 менен 5 миң 004 медициналык кызматкер ооруп, алардын 4 миң 710у айыкты. 8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду. 

Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн дарыгерлердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу токтом чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, оорудан көз жумгандарга 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз