Коронавирус

Бүгүн, Кыргызстанга Орусиялык “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келет image

17 Июнь, 2021 622

Бүгүн, Кыргызстанга Орусиялык “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келет. 40 миң кишиге эсептелген Орусиянын препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. 

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендей, ошондой эле Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынан 150 миң дозасы 20-июнда келиши күтүлүүдө. Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулду.

Буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында "Astra Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган. Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк Банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз