ММК

“Үркүндүн” 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс берилет image

9 Авг, 2016 1274

Басма сөзгө баяндама

“Кыргыз Туусу” 

Эркин гезиттердин эс алууга кеткенин эсиңиздерге сала кетейин да, колубузга тийген расмий гезиттер менен баяныбызды баштайлы. “Көчмөндөр оюндары өлкө беделин көтөрөт”- деп тема койгон “Кыргыз Туусу” “5-августта өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акимбаевди кабыл алган маалыматтан баштады. Облус башчысы региондун экономикасына инвестицияларды тартуунун жүрүшү тууралуу айтып берип, 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык боюнча комплекстүү иш чараларга, облуста  туристтик сезонду өткөрүү, курорттук чөйрөнү өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле мамлекет башчынын курулуп жаткан обьектилерди кыдыруу маалында айтылган пикирлери менен сунуштарын ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолгону кабарланат. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтарды улайлы.

Кечээ өлкө башчысы Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризмге каршы чараларды күчөтүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер боюнча маалымат алган. Бул куш кабарда диний кырдаалдагы жагдайлар туурасында да сөз болгону жазылат. “Кыргыз Туусунун” пресс бурчу президенттин жарлыгы менен эгемендиктин 25 жылдыгы, “Үркүндүн” 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс берилмей болгонун, Түркиядагы Конья шаарынын тургуну Муаммер Башактын  өлүмү боюнча 24 жаштагы кыргызстандык кыз шектелип жатканын, 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына араб мүнүшкөрлөрү да катышаарын, тажик бийлигинин расмий катталган бардык медрселерин алардын саны 19 болгон анын баарын жаап салганын, Кыргызстан менен Россия биргелешип “Сулайман Тоо” аталышындагы тасма тартаарын, Үркүндүн 100 жылдыгына карата 27-августта жүз чакырымдык эстафеталык уюштуруулары туурасында жазды. Андан ары президент өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүп жатат деп ишенем деген композитор Турдубек Чокиевдин жана Бабалардын баскан жолун улаган Баш мыйзам болсо деген пикирин камтыган тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун чакан макалаларын жайгаштырган. “Кыргыз Туусу” Кемин району менен чектешкен Жетису өрөөнүнүн тургуну Казакстан Республикасынын Алтын Алка орденин кавалери   кечээ жакында эле бул дүйнө менен кош айтышкан Гайнанова Сонумбубу энени  эскерген “Эне жөнүндө баян” деп аталган эскерүү макалысна орун берген.

 

Баянды Казакстан Республикасынын маданиятыныны ишмери Кумисжан Байжан тартуулаган. “Элдин үнү” рубрикасы элден түшкөн каттарга орун берген. Анын арасында  Ат-Башы районуна Жекшенбай Курмановдун “Кагылайын кимдер булар” деген 

“Батектетип кое берип сакалын,

Башка улуттун кийип алып чапанын,

Мотурайып жүргөн жаштар кечээ эле, 

Молдолордун  көбөйтүүдө катарын,

Жоолук менен ороп чулгап беттерин,

Араң эле жылтыраткан көздөрүн,

Бара жатат молдо айымдар көбөйүп,

Башкачараак алып жүргөн өздөрүн, 

Ойлор келет, алса терең билимди,

Ошончо эле динге болсо күйүмдүү,

Ким экенин билгизбеген сыртынан,

Киймек эмес биз көрбөгөн кийимди,

Карап алып ыйлай албай, күлө албай,

Каада-салтты калганбы деп сүйө албай.

Кабатырбыз качан болсо аларга,

Кайсы динде жүрүшкөнүн биле албай”- деп тизилген ырларына орун берилген.

Албетте 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюну рубрикасы даярдыктардын кызуу жүрүп жатканы туурасында гезиттин акыркы бетинде толук тааныштырат.

“Эркин Тоо”

Эми экинчи гезит “Эркин Тоо” эмнелерди жазыптыр, карап көрөлү. 2-Көчмөндөр оюндарына 25 күн калганын эске салат. Ушул багыттагы тема менен баштап, башкы макала катары  “Кыргызстандын жараны болсок жарашпайбы” деген аталыштагы бешинчи графадан чыккан сөзгө кенен ойлорун камтыган Таалайбек Темировдун макаласына орун берген. Макаладан өлкө президентинин: Мен паспортто “Кыргыз жараны” “Кыргызстандын жараны” деп жазылышын жактайм. Бардык цивилизациялуу  өлкөлөрдө улут деген графа жок. Германиянын  жараны, Белгиянын жараны деген бар. Эгерде сен өзүңдү кыргызмын  деп эсептесең, эфиоп деп жазсаң деле, кыргыз бойдон каласың. Мындай мамиле өлкөнү бириктирет деп айткандарын, бири-бирибизди улутка бөлбөй эле  коелу деп бул багытта Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын: “мен аталган графанын алынып салышын колдойм. Жарандардын паспортунда аны индентификациялоочу башка маалыматтар деле жетиштүү деп эсептеймин.

Бешинчи графаны алып салуу-элдердин биримдигин чыңдоочу  факторлордун биринен болуп саналат, анткени биз бардыгыбыз бир өлкөнүн Кыргызстандын жараныбыз”- деп айткандарын жана автордун бул ойлорго таянып чыгарган баарыбыз эле кыргыз экендигибизди танбайбыз, аны эч ким тартып ала албайт, ал каныбызда өмүр өткүчө жүрүп турат, айтор эртеңки күн, келечек үчүн өлкөбүздө жашашкан башка бардык улуттардын башын Кыргызстандын жаранынын ыйык туусу астында бириктирүүчү күн келип жетти деген тыянагына ортоктош болосуздар.

Андан ары “Таанымал илимпоз, татыктуу тарбиячы” деп атаган профессор Тилектеш Ишемкуловдун илимдин доктору Таалайбек Токоев туурасында жазган көлөмдүү макаласы да бар экен.  Ушул эле бетте Шотландия аспабы волынканы белекке беришти деп Евразия чөлкөмүнө сапардан композитор Эл артисти Муратбек Бегалиевдин кызыктуу кенен кеби менен таанышып алыңыздар. Белгилей кетели, Шотландиядагы Еденбург шаары өзүнүн фестивалы менен дүйнөгө таанымал. Анын жетекчилерини чечими менен фестивалдын ачылышына карата биринчи концертти Кыргызстандын оркестри ойногон. Бул да сыймыктанчу жагдай экен окуп коюңуз. Жеке ишкер Кара-Балта шаарынан Сайракан Абдукаимова эсиңе кел элим деп, кыргыз деп жашап кыргыз бойдон калалычы деген макаласын жазган. Бул макаланын жазылышына,- дейт автор “акыркы жылдары Чубак ажыга кайсы бир канал аркылуу жума сайын саат берилип, элибиз бүтүндөй эле ал кишини ээрчип бараткандай таасир калтырат. Ошондуктан  жүрөгүмдү өйүткөн ойлорум менен бөлүштүм”,- деген бул макалага да көз жүгүртүп өтүңүз.  

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз