Коронавирус

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус дагы 1233 адамдан катталды image Фото: www

6 Июль, 2021 871

Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус дагы 1233 адамдан катталды.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында - 789, Ош шаарында - 44, Чүй облусу – 139, Ош облусу - 32, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 13, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 89, Баткен облусунда - 87 адамдан илдет аныкталган. 

Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкекте – 410, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 94,Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 8,  Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда  – 16,  Жалал-Абад облусунда – 63, Баткен облусунда – 25 бейтап оорудан айыгып чыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Баткенде 1  жана Ысык-Көл облусунда 3 бейтап каза болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз