Коронавирус

Элди эмдөөнү кеңейтүү боюнча иш улантылып жатат image

7 Июль, 2021 366

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынында белгиленгендей, республиканын аймагында 627 убактылуу эмдөөчү пункт түзүлдү. Ошондой эле 78 мобилдүү бригада уюштурулду. 

Эмдөөчү убактылуу пункттардын баары муздаткыч жабдуулар менен, ал эми мобилдүү бригадалар – термоконтейнерлер менен камсыз болушат. Мурдараак Кытайдан 1 млндон ашык «Sinopharm» вакцинасы 9-июлда келээри айтылган. 

Иштелип чыккан алгоритмге ылайык вакциналардын партиясы “Манас” аэропортуна келгенден кийин атайын авторефрижераторлор менен, муздатуу тартибин сактап Бишкек шаарындагы Республикалык иммунопрофилактика борборунун кампасына жеткирилет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз