Коронавирус

9-июлда Кытайдан вакцина келет image

7 Июль, 2021 498

Калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында 9-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. 

Анын айтымында, анын ичинен 1 млн 100 миң доза республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген. Жылдыз Бакашова мындан тышкары ушул эле өлчөмдө Sinopharm вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жаткандыгын белгиледи. 

Улуттук эмдөө планынын негизинде калктын 70%на же 2 млн 118 миң 417 адамга эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы, алардын катарына жарандардын артыкчылыктуу топтору 1 млн 312 миң 450 адам кирери белгиленди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз