Коронавирус

Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар image

7 Июль, 2021 459

Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 160 орун бош. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 

7-июлга карата алынган маалымат боюнча, анын тогузунда гана орун бар. Ал эми калган тогузунда бош орун калбай калган. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада — 4, №2 клиникалык төрөт үйүндө — 16, Чүй облустук бириктирилген ооруканада — 3, Улуттук онкология жана гематология борборунда — 1, Республикалык наркология борборунда — 20, Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда — 78, Аскер госпиталында — 2, Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде — 10, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда — 26 бош орун бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз