Коронавирус

Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 198 адамдан аныкталды image

7 Июль, 2021 656

Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 198 адамдан аныкталды. Тогуз бейтап көз жумду. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдиргендей, көз жумгандардын төртөө Бишкек, экөө Чүй, экөө Баткен, бир жаран Жалал-Абад облусунан. Ооруну жуктургандардын баш сабында дагы эле Бишкек шаары турат. 

Ошол эле учурда бир күндө 781 адам илдеттен айыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 253 бейтап, амбулатордук түрдө 12 315 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 134 миң 501 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 114 миң 756 киши айыгып чыкса, 2 миң 63 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз