Коронавирус

Жалал-Абад шаарында жаштар коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында флешмоб өткөрдү image

7 Июль, 2021 441

Жалал-Абад шаарында жаштар коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында флешмоб өткөрдү. 

Иш-чаранын алкагында жаштардан турган топ, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарын, шаар көчөлөрүн жана коомдук жайларды кыдырып, бет кап тагынуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелерди жана оору боюнча маалымат баракчаларды таратышты. 

Флешмоб жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулуп, аны Улуттук Кызыл Ай коому да колдоого алган. Алдыда COVID-19 илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери улантылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз