Коргонуу жана коопсуздук

ДАЕШ менен “Талибандын” биригиши эмнеге алып барат? image

10 Авг, 2016 3060

Чет элдик маалымат каражаттары ДАЕШ менен “Талибан” кыймылы биригип жатат деген маалымат таратты. Бирок ага көпчүлүк ишене беришкен жок. Эки террордук күчтүн айырмачылыгын талдап, багытына сереп салгандар алар бири-бири менен кызматташаарынан күмөн санашат. Биригүү чындап ишке ашса абалды мурдагыдан да оорлотуп, Ооганстанды терроризмдин очогуна айлантаарын айткандар арбын. Жогорудагы маалымат Борбор Азияда радикалдашууга, терроризмге каршы бир катар чаралар көрүлгөн учурда жарык көрүп отурат. Аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздукка байланыштуу аракеттерин АКШнын Мамлекеттик департаменти да жогору баалап жаткан.

ДАЕШ менен “Талибан” кыймылынын биригип жатканы тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп америкалык The Wall Street Journal басылмасы өздүк булагына таянуу менен жазып чыкты. Катуу каршылашып келген эки террордук топ ооган бийлиги жана ага колдоо көрсөтүп жаткан америкалык күчтөргө каршы биригүү үчүн бейформал келишим түзүшкөнү айтылат. Мындай жагдай жаралышы мүмкүн экенин Ооганстандын аскерий жетекчилиги да билдирүүдө. Ага аесуз күрөшүп келген эки топтун соңку эки айдан бери бири-бирине каршы аракет көрүшө электигин жүйөө келтиришет. Деген менен жарык көргөн маалыматка ишенбегендер арбын.

 

Анткени эксперттердин баамында ДАЕШ менен “Талибандын” идеологиялары таптакыр эки башка. Өздөрү көзөмөлдөп турган жерлерди “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюм кан төгүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп, кеңири аймактарды ээлеп алууну улантууну максат коет. Соңку учурларда Жакынкы Чыгыштагы турумун жоготуп, алдан тая баштаганына карабай дале коркунуч жаратууда. Ал эми “Талибан” кыймылы жалгыз Ооганстанда гана бийлик жүргүзүүнү көздөйт. Алар кулачы кенен жайылган ДАЕШтин Ооганстандагы бөлүгү менен каршылашып келүүдө. Эксперт Аман Салиев идеологияларынын карама-каршылыгынан жана таасир талаштан улам эки топ эч убакта бирикпейт деп ишендирет. Ал эми соңку маалыматты батыштын кызыкчылыгы деп эсептейт.

Аман Салиев: Дүйнөлүк маалымат каражаттары тарабынан “алар мына  биригет” деген кабар таркатыла берет. Учурунда талиптер “Аль-Каида” менен  биригет деген да маалыматтар айтылып турчу. Азыр “Аль-Каида” анчалык актуалдуу болбогону үчүн ДАЕШти сөз кылып жатышат. “Талибан” кыймылы ДАЕШ менен биригип,  анын жетекчилиги астында иш кылаары мүмкүн эмес. Анткени көптөгөн жылдардан  бери алардын өз өлкөсүндө жашоо кандай болушу керектиги тууралуу өздөрүнүн  түшүнүгү калыптанган. Мындай шартта ДАЕШ менен тил табышкысы келбейт. Айрым  талаа командирлери акча үчүн же дагы башка себептер менен кызматташып кетиши  мүмкүн. Бирок, бүтүндөй талиптер ДАЕШке ооп кетти деген маалыматка ишенүүгө  болбойт.

“Альфа” антитеррор бирикмесинин ардагерлеринин төрагасы Артур Медетбеков да дал ушундай пикирде. ДАЕШке кошулууну каалаган күндө да “Талибандын” артында турган көмүскө күчтөр ага жол бербейт деп эсептейт. Эгер чындап биригишсе Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жаралат. ДАЕШ менен талиптерге байланыштуу соңку маалымат Борбор Азияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн учурда жарык көрүп отурат.

 

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады. Өткөн апта соңунда Тажикстанда акыркы медресе жабылды.

 

Тажик бийлиги муну радикализмдин алдын алуу деп түшүндүрөт. Коңшу өлкөдө болгону 19 медресе иш алып барып келген. Эксперт Аман Салиев бул радикализмге каршы күрөш эместигин, саясий кызыкчылыктан улам жасалган аракет экенин белгилейт. Тажикстандагы диний партияны ДАЕШге тете деп баалоо жаңылыштык дейт.

Аман Салиев: Тажикстанда  Кыргызстандан, Казакстандан, ал тургай Өзбекстандан айырмаланган өзүнө таандык өзгөчө абал бар. Коңшу өлкөдөгү көрүнүш эң биринчи кезекте радикалдашуудан чоочулоо  эмес. Тажиктер советтик доордо да, андан кийин да динге жакын болуп келген.  Диний партия болбогон күндө деле калк динден алыстап кетпейт. “Ислам кайра жаралуу” партиясынын ДАЕШтин көчүрмөсү деген түшүнүк тажик бийлигинин  пропагандасы. Эгер чындап радикалдашууга каршы чараларды көргүсү келишсе жок  эле дегенде Кыргызстандагыдай имамдарды окутууну колго алышпайбы. Медреселерди  жабуу менен Душанбе маселени чече албайт, алар көмүскөдө иштегенге өтүп,  мамлекет көзөмөлдөй албай калат. Көмүскө медреселер чет өлкөлөрдөн башкарыла  баштайт.

Деген менен АКШнын мамлекеттик департаменти жалпысынан Борбор Азия ДАЕШке да, талиптерге да, деги эле террорчулукка каршы активдүү иш жүргүзгөнүн белгиледи. Өткөн апта соңунда Американын Мамлекеттик катчысы Джон Керри аймактагы өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, коопсуздук маселесин талкуулаган.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”    


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз