Коронавирус

Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирус менен ооругандарга орун жетиштүү image Фото: KTRK/videograp

8 Июль, 2021 443

Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарга жетишерлик орун, жеке коргонуу каражаттарынын жана дары дармектин керектүү кору бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, 8-июлга карата республика боюнча 78 бейтапканада жалпысынан 5 миң 856 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 455. 

Бишкек шаары боюнча коронавирустук инфекция менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн 2 152 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 163. Бишкекте башка региондорго салыштырмалуу инфекциянын жаңы учурлары көбүрөөк болгондуктан адистер ар 2 саат сайын орундар фондуна мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда кошумча дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды ачуу пландаштырылган. 

Аймактарда ковид менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү. Ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 30-июнуна карата дары каражаттарынын кору 317 млн 700 миң сомду түздү. Мындан тышкары, Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин маалыматы боюнча республикадагы дарыканаларда коронавирустук инфекцияны дарылоо үчүн жетишерлик денгээлде дары-дармек жана медициналык каражаттар бар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз