Коронавирус

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор. Бир суткада дагы 10 бейтап каза болду image Фото: www

9 Июль, 2021 429

Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус дагы 1 319 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Ошол эле маалда 845 адам оорудан айыкты. Акыркы бир күндө 10 бейтап коронавирустан каза болду. Алардын жетөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 12 874 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 137 миң 58 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 116 миң 358 киши айыгып чыкса, 2 миң 83 адам каза болду.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз