Коронавирус

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан дагы тогуз бейтап көз жумду image Фото: www

11 Июль, 2021 382

Кыргызстанда 11-июлга карата коронавирус дагы 1 295 адамдан аныкталды, тогуз бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалгандай, оору аныкталгандардын жарыманан көбү Бишкекте. 

Борбор калаада – 761, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 114 адамдан вирус табылган. Ал эми бир суткада 758 адам илдеттен сакайды. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 741 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 139 мин 648 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 8 киши айыгып чыкса, 2 миң 102 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз