Коронавирус

Коронавирус 1292 адамдан аныкталды image

13 Июль, 2021 972

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 292 адамдан аныкталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдиргендей, Бишкек шаарында – 720, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 101, Баткен облусунда – 118 адамдан илдет табылды. Ошол эле маалда 923 адам бир күндө оорудан айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен алты бейтап көз жумду. Анын үчөө Бишкекте, Чүй, Ош , Ысык-Көл облустарында бирден адам. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 587 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 702 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 142 миң 270 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 119 миң 694 киши айыгып чыкса, 2 миң 123 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз