Ден соолук

Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды image Фото: www

15 Июль, 2021 828

Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды. 

Ал вакцинациянын жана жамааттык иммунитеттин пайда болуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды. 

Учурда республикада калкты COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Президенттин Администрациясынын, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери эмделүүдө.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз