Коом

Тажикстанда жер суу аттарын “тажиктештирүү” саясаты уланууда image

18 Авг, 2016 1723

Тажикстандагы жер  суу аттарын “тажиктештирүү” саясаты уланып келатат. Айрыкча ушул жылдын башынан  бери күчөдү. Орус жана араб аталыштарынан арылып жатышат дегенден бери карай, айрыкча  акыркы жылдары кыргыз тилиндеги тарыхий жер суу аттарын өзгөртүүгө киришти.  Тажикстандагы Жерге-Тал жана Мургап райондорундагы жалаң кыргыздар жашаган  айылдар да тажик тилинде атала баштады. А буга Кыргызстан кол куушуруп гана  отурат. 

Тажикстан. Кыргызстандын Түштүгүндөгү кошунасы. Бул өлкөдө 2 кыргыздар көп жашаган район бар. Жерге-Тал жана Мургап. Аталган аймакта кыргыз тилиндеги жер-суу аттары тажиктешип жатканына нааразычылык күчөгөн. Бул боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ички иши экенин, ага кийлигишүүгө Эл аралык эрежелер жол бербей тургандыгын гана айтып алакан жайып келишкен. Бирок жергиликтүү тургундар Тажик бийлигине каршылык көрсөтө албай, ичтеринен сызып турган чак.

Буга чейин өлкөнү орус, араб тилдериндеги жана Кеңеш Өкмөтүндөгү аталыштардан тазалап чыгышкан. 2016-жылдын башынан тарта түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштыруу аракети президент Эмомали Рахмондун жеке тапшырмасы менен аткарылууда. Айылдардан тарта тарыхый жерлердин аттарына чейин “тажиктештирүүнүн” курмандыгына негизинен кыргыз жана өзбек тилдериндеги аталыштар туш болду.

Кашат деген кыргызча аталыштагы айылды тажикче Сарипул, Жайылган айылын Чорсу, Ачык-Алманы Севзипед деп атап салышты. Кара-Сай деген жер Бахор, Кашка-Терек Сафеддорон деген ат алды. Тажикстандагы бул аймак Каратегин деген ат менен белгилүү эле. 1931-жылы Жерге-Тал району расмий аталып, район болот. Азыр бул районду Лахш деп тажикче аташты. Аны бул райондогу Жайылган айылында музей ачкан мугалим Хамид Боронов Лахш – бул Улакча деген кыргызча сөздөн калган деп айтып жүрүшкөнүн белгилейт. Эң белгилүү өзгөртүү – бул Союздагы эң бийик кыл чоку Сталин, кийин Коммунизм деп аталган эле. Аны 1999-жылы тажик мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы негиздөөчүсү Исмаил Саманинин аты берилип, Қуллаи Исмои́ла Сомони́ деп аталып калган. Негизи бул аталыштардан мурда Кара-Тоо деген кыргызча эле аталыш алып жүргөнү эл эсинде калган. Жерге-Талга дарыгер Акылбек Бурканов менен кошо бардык эле.

Негизи ар бир мамлекетте этникалык улуттардын тили, дини, маданияты сакталууга жана өнүктүрүлүүгө тийиш деген баш мыйзамында көрсөтүлөт. Аны Кыргызстан жакшы сактап келатат. Өлкөдө этникалык тажиктер жашаган Ала-Букадагы Гулистан, Жойи билант, Шакафтар айылдарынын тажикче аталыштары ушул кезге чейин сакталып калганын эсиңизге салып өтүү ашыктык кылбас. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элүү миңге жакын тажик улутундагылар жашайт. Бирок Тажикстандын ички саясатына аралаша албайбыз деген менен гана келатабыз. Тажикстанда жер суу аттарын “тажиктештирүүдөн” сырткары, баштапкы жана орто билим берүү да тажикчеге өткөрүлүп, кыргызча сааттар кескин кыскартылган. Буга каршы чыккан жергиликтүү тургундар тартип коргоо органдарынын куугунтугуна кабылган. Мындай басымга чыдабаган жүздөгөн үй-бүлөлөр туулган жерин таштап, Кыргызстанга көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Бул өлкөдө жалган исламчылардын тартиби орнотулганга чейин эле Жерге-Талдан көчүп кетүү керек деген маанай пайда болгон. 1993-жылы өлгөнгө топурак салууга кошуна айылга бараткандар түшкөн жүк машинаны аскер самолету аткылап, бир нече киши курман болгондон тартып эл Кыргызстанга көчө баштаган. Айрым жердештер муну “Кичи Үркүн” деп да аташкан. Кийинки жылы көп үйлөр ээн калат. Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда 2009-жылкы эл каттоо боюнча элүү алты миңден ашуун кыргыз жашайт. Токсонунчу жылдардын башында этникалык кыргыздардын саны мындагы Кара-Тегин өрөөнүндө сексен миңдин айланасында болгон. Тажикстандагы жарандык согуш учурунда алардын жарымына жакыны Кыргызстандан баш калка издеп келишкен.

Асанбек Пазыл, “Биринчи радио”, Тажикстан, Жерге-Тал району


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз