Коронавирус

Коронавирус: Өлкөдө 20-сентябрга карата илдет 58 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду image

20 Сент, 2021 1859

Өлкөдө 20-сентябрга карата коронавирус дагы 58 адамдан аныкталды. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда –6, Нарын облусунда – 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан табылган. 

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыкса, 2 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз