Коронавирус

Өнөкөт оорусу барлар эмдөөдөн өтүшү керек image

20 Сент, 2021 2035

Өкөдө эпидемиологиялык абал турукташууда. Күндөн-күнгө вирус жуктургандардын саны азайууда. Соңку бир күндө 58 киши инфекция жуктуруп алганы аныкталды. Бирок санитардык талаптар дале болсо күчүндө. Себеби оорунун мизи кайта элек. 

Ошол эле учурда өлкөдө эмдөө иштери уланып жатат. Дарыгерлердин айтымында эмдөө алуу менен гана ооруну жеңсе болот. Ошол эле учурда өнөкөт оору бар бейтаптарга да дарыгедин уруксаты менен вакцина алуу сунушталууда.

Өнөкөт оорусу бар жарандар-вакцинага муктаж жана алар эмдөөдөн биринчи кезекте өтүшү керек. Эгерде вакцинаны колдонууга каршы көрсөтмөлөрү жок болсо, алар дарыгердин гана уруксаты менен эмделет. Дарыгерлердин айтымында, өпкөнүн өнөкөт оорулары, кант диабети, жүрөк -кан тамыр оорулары жана башка оорусу бар адамдар вирус жуктуруп алса, оору курч мүнөздө өтөт. Ошондуктан вакцина албай койгондон көрө алганы туура-дейт дарыгерлер.

Ал арада, президент Садыр Жапаров Кыргызстан калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Жалпы иммунитетти пайда кылуу үчүн өлкө калкынын 70%ы, тактап айтканда, 4 миллионго чукул жаран вакцина алышы керек. Бүгүнкү күндө эмдөө алгандардын жалпы саны 1 млн 330 миң 259 адам. Алардын ичинен 764 миң 437 адам биринчи дозасы, 565 миң 822 адам экинчи өлчөмү менен эмделди. Учурда «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары колдонулууда. 

Соңку айларда вирус жуктургандардын саны азайып жатат. Дарыгерлер муну вакцина алгандардын саны көбөйүп жаткандыгы менен түшүндүрөт. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бирок, дарыгерлер санитардык эрежелерди сактоону улантууну сунуштайт. 

Улуу Британиянын бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Англия Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганын расмий сайтына жарыялады. Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган кыргызстандыктар Англияга барганда тест тапшырбай жана карантинде отурбайт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз