Коронавирус

Коронавирус 87 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду image Фото: www

24 Сент, 2021 563

Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирус 87 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда - 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 535 бейтап, амбулатордук түрдө 858 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз