Коргонуу жана коопсуздук

Алматыда терракт жасоого белсенгендер кармалды image

24 Авг, 2016 2073

Алматыда  терракт жасоого белсенген деген шек менен радикалдык маанайдагы топ кармалды. Маалыматтарга  караганда, Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы  18-августунда Алматы облусунда өлкө аймагында бир катар террористтик актыларды даярдоого белсенген радикалдык топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн.  

Иш чараны жүргүзүү учурунда кармалгандардан колго жасалуучу жардыргыч заттарды даярдай турган каражаттар менен диний-экстремисттик материалдар табылган  жана алардын  бардыгын жашыруун жерде сактап келишкен. 

Радикалдардын арасында бир кыргызстандык бар экендиги айтылууда. Жакында өлкө  аймагында эл аралык маанидеги иш чаралар  белгилене турган  учурда  коргонуу жана коопсуздук  тыкыр көзөмөлгө алынышы керектигин  талдоочулар баса белгилешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз