Коронавирус

Коронавирустан эки бейтап көз жумду image

9 Окт, 2021 2065

Кыргызстанда 9-октябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 39, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 2, Талас дубанында - 3, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып, эки бейтап кайтыш болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 618 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз