Коронавирус

Бир суткада 10 644 адам эмделди image

9 Окт, 2021 945

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 644 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 478 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 166 жаран экинчи өлчөмүн алды. Өлкө боюнча жалпы 864 миң 545 адам вакцинанын биринчи, ал эми 654 миң 185 жаран экинчи компоненти менен эмделди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз