Коронавирус

Бир жарым миллиондон ашуун жаран коронавируска каршы эмделди image

9 Окт, 2021 724

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 500 миңден ашты.  

Алардын 865 миңден көбү биринчи дозаны, 653 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. Бул Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 9-октябрга карата расмий маалыматы. 

Өлкөнүн калкы 6 жарым миллионду түзөт. Медиктердин эсебинде 18 жаштан өткөн 3 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өтүшү керек. Алардын 2 жарым миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы вакцина алса, өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган. 

Былтыркы жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 179 миңден ашты, алардын 2600дөн көбү каза болду. 

Учурда республиканын бардык аймактарында Кытайдын Sinopharm, Орусиянын “Спутник V”, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Түркиядан кытайлык Sinovac препараты да келген. Вакцина эки бөлүктөн сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз