Коронавирус

Акыркы суткада 94 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду image

16 Окт, 2021 781

Кыргызстанда 16-октябрга карата коронавирус дагы 94 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, үч бейтап кайтыш болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 559 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 775 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 578 киши айыгып чыкса, 2 миң 632 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз