Кыргызстан жаңылыктары

Бюджеттин көрсөткүчтөрү image

23 Окт, 2021 610

Бир жылда пандемиянын катаал шартына карабастан мамлекеттик бюджеттин кирешеси өскөнүн президент белгиледи. Бул салык жана бажы жаатында санариптик платформаны киргизүү менен ишке ашканын жана бардык социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен өз убагында каржыланып жатканын айтты.

Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 129 млрд сомду түзүп, план 107 пайызга аткарылды.

2020-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешелери 43 пайызга өстү.

Пандемияга чейин 2019-жылдагы тиешелүү мезгилине салыштырмалуу кирешелер 32 пайызга өскөндүгүн белгилей кетүү керек.

Ошону менен бирге, бюджеттин чыгашалары да өсүүдө.

Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомго аткарылды жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү.

Ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштыргада 26 пайызга өстү.

Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен, учурдагы этапта бир катар бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын, жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүн болду.

Алсак, ушул жылы саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады.

Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга көбөйдү.

Кийинки жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга, ошону менен катар эле Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын адистеринин эмгек акысы 40 пайызга жогорулайтжана мугалимдердикин дагы жогорулатабыз деген планыбыз бар.

Мындай иш-аракеттер муну менен эле токтоп калбайт.

Бюджет чөйрөсүндөгү башка кызматкерлердин да эмгек акыларын жогорулатуу иштери бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улантылат.

Мындан тышкары ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөлөк пулдардын өлчөмдөрү ушул жылдын 1-октябрынан 50 пайызга көтөрүлгон, 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 жана айрым категорияларга 200 пайызга жогорулатылат.

Ошондой эле пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлдү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз