Коронавирус

Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус 108 адамдан аныкталды image Фото: www

11 Нояб, 2021 2246

Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Республикалык штаб билдирген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз