Коронавирус

Кыргызстанда 16-ноябрга карата коронавирус 103 адамдан аныкталды image

16 Нояб, 2021 786

Кыргызстанда 16-ноябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Талас облусунда – 3, Нарын дубанында – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткенде 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 528 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 6 киши айыкса, 2 миң 710 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз