Коронавирус

20-ноябрга карата өлкөдө коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды image

20 Нояб, 2021 1033

20-ноябрга карата өлкөдө коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. 

Республикалык штаб билдиргендей, Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 10, Ош дубанында – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл жергесинде– 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 512 бейтап, амбулатордук түрдө 647 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 720 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз