Шайлоо 2021

Шайлоо - 2021: Чүйдө коомдук коопсуздукту 800 милиция камсыздоодо image

28 Нояб, 2021 189

Чүй облусунун аймагындагы шайлоо участкаларында укук тартибин жана коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери камсыздоодо. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ар бир шайлоо участогуна милиция жана жооптуу кызматкерлер бекитилген. Өздүк курам шайлоо учурунда жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздайт, шайлоо участкаларындагы абалга көз салып, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылбай, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн иш алып барат. 

Чүй ОИИББи жарандарды добуш берүү жайларында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет!

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз