ММК

Эдил Байсалов эл душманыбы? image

15 Сент, 2016 1780

Басма сөзгө баяндама

"Политклиника"

"Парламент ичи тынч эмес" деген теманы коюп бүгүн "Политклиника" жаңы санын ачты.  Кечээ күнкү жыйында КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмуркулов “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларын коалициядан чыгууга чакырган. Мындан улам жыйындагы айтылган кептерди: "биз чыкпайбыз, жакпаса өзүңөр чыккыла" деген "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, Конституцияны өзгөртүүгө макулбуз, "коалицияны ыдыратууга ниетибиз жок" деген Өнүгүү фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин, "бир комитетти бөлүшүп шайлай албаган 4 лидери чогулуп сүйлөшөсө албаса, эмнеси коалиция" деп маселеге кошулган депутат Кожобек Рыспаевдин "эркиңер жетсе коалициядан чыгып кеткиле, комитеттин төрагасын ич ара  сүйлөшө албай талашып жатат деп, тарагандан көрө Конституцияга  өзгөртүүгө каршымын деп туруп коалициядан чыгып кетүү бул позиция деп айтат элем" деген Өмүрбек Бабановдун кеңшетерин кошуп анан жыйындын акырында колацияциядагы фракция жетекчилери чогулуп колацияынын жетекчисин шайлаган кечээ күнкү парламенттен даярдалган макала  алдыңкы бетинде.

Апта ичиндеги маанилүү кабарлардан деп Муралиевдин уулу мамлекетке  чыккынчылык беренеси менен 22 жылга кесилгенин, Кадыр Маликовго кол салгандар 20 жылга кесилет дегенди, Мелис Турганбаев дүйнө чемпионатында күрөшөрүн, Назарбаев Каримовду эскерүү үчүн Самаркандга келгенин, жетекчи Руслан Кожобаевдин жогорку билими жок деген маалыматтарды эске салды. Башка маалыматтар "Кыргызстандын Центеррадагы акцияларынын баасы бир жуманын ичинде 19 млн долларга арзандады" деген аталышта жана "Эдил Байсалов элге душман эмеспи"? деген суроо менен аталган, тактап айтканда Эдил Байсаловдун убактылуу өкмөт учурунда  дипломатиялык паспорт берүү өтүнүчү менен тышкы иштер министрлигине жолдонгон катын баскан макалага да орун берилген. Бул дипломатиялык паспорт туурасында кат башка жарандар үчүн да суралып кайрылган кат экенин танбайм, бирок менин катым 19-апрелде жазылып жатат, каалаган киши барып, тышкы иштер министрлигинен текшерип, паспорт берилбегенин тастыктай алат, убактылуу өкмөттөн 25-майда кеткем, ошондуктан мен жөнүндө айтылып жаткан сөздөр башынан аягына чейин калп деп бул суроого алынган Эдил Байсаловдун  жообу кошулуп басылган макалада.

Сапырылган сансыз акчаларды же Жогорку Кеңештин бюджеттик каражаттан короткон чыгашаларды эсептеген макала бар. Ал   2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 12-сентябрга чейинки цифраларды Политклиника окурмандарга кенен  тааныштырат.  Андагы маалымат боюнча бул аралыкта  Жогорку Кеңеш сыйлыкка 6 млн сом,”Алтын -Көл”пансионатында эс алууга 1 млн сом короткон. “Иттеримдин шампуну өзүмдүн шампунумдан кымбат турат” деген аталышта коомдук ишмер Абдыгул Чотбаевдин маеги  жана “Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин “Ийгиликти багындыруу үчүн үч нерсени билиш керек: англис тилин, компьютерди жана эсеп-кысап” деген пайдалуу кеңештери орун алган. Капчыктуулардын таржымалына да көз жүгүртүп алыңыз. Ал Кожобек Рыспаев айнек кессе, Бектур Асанов жасалма”Фанта” менен байыган деген аталышта орун алган. Бул макаладан ЖКтин азыркы жана мурунку депутаттарынын айрымдарынын кантип байышканы туурасында маалымат ала аласыз. Мисалы,  Осмонбек Артыкбаевдин байыганы  ошондой эле  студент кезинде эле  Жамбыл, Ташкент шаарларына барып, тиш жуугуч пастасын, чай, бут кийимди ташып жүрүп, 21 жашында там алган Алмаз Батырбеков, автоунаа бизнеси жана кыш заводдун курулушу менен мурдагы чакырылыштын  депутаты Назарали Арипов, спорт кийимин сатуудан автоунаа бизнесине чейинки жол менен байыган депутат Бакыт Жетигенов  эл арасында касапчы болуп бутуна турган деп айтылып жүргөн бул сөздөрдү четке какса да дагы башка курулуш материалдарын сатып, Комфорт дүкөнүндө айнек кесип,  эстелик чегип киреше тапкан, Ош базарында соода сатык менен алектенген учурларын тизмектеген Кожобек Рыспаев туурасында жана башка ушул сыяктуу маалыматтар менен кабардар болосуз.

"Азия Ньюс"

Бүгүнкү "Азия Ньюс" "Эшимкановду беш жылдан бери жоктоп келебиз" деген эскерүү макаласына, коалиция тараган сайын туруктуулукка доо кетет деген аталышта КСДП фракция лидери Иса Өмуркуловдун маегине, мени камай албайт деген генерал лейтенант Кеңешбек Дүйшөбаевдин маегине, Сүйүн Өмурзаков экөөбүз саясий дос эмес, акыреттик достордонбуз деген аталышта орун алган Ош шарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айткандарына, улут жана укук маселесин эл чечсин деген аталышта Улуттук Конгресс коомдук саясий кыймылынын тең төрагалары Бекбосун Бөрүбашев менен Шамшыбек Медетбековдун кайрылуусуна, келерки президенттикке Сапар Исаков татыктуу деген аталышта  берген КРнын Түркмөнстандагы  атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустанбековдун маегине Максимди мактаган Акматалиев элден таяк жесе, Шыкмаматов ага чейин эле менин акчамды төлөбөй качкан деп редакцияга келип  маалыматы менен бөлүшкөн Бактыгүл Жумабаева аттуу айымдын да маегине жана  Азия Ньюс гезитине жолдонгон Медербек Бейшекеевдин Эркин Тентишевдин чыныгы жүзү ашкерленеби деген аталыштагы кайрылуусуна орун берди.Майда маалыматтар Канат Исаев экинчи ирет коалиция лидери болду деген, башкы салыкчы Замир Осмоновдун иши бүдөмүк, Өмүрзак Мамаюсупов азыркы күндүн Дүйшөнү,  Лукашенконун Колясы чоң жигит болгондо, баягы эле Адамкулованын жаңжалыбы?, Дүйшөн Чотонов эски тилектештерине кошулбай, элчиликти үмүт кылууда деген аталышта тизилди жана "Декрет" деген сөз эмне деп сөздүктөн  берген түшүндүрмө да бар. Дүйнөлүк 2-Көчмөндөр оюнундагы мелдештер жыйынтыгынан да бүгүнкү "Азия Ньюстан" маалымат алып алыңыз. Алышта 48 мамлекеттин балбандары күч сынашканын, Ат чабышта Нарын облусунан келген Турсунаалы Мамбетовдун тулпарлары мыкты чыкканын, ордо оюнунда кыйталыктар да ордону катырары, көк бөрүдө казак чабандестер калп ойнодубу дегенин Тогуз Коргоол, Мангала интеллект оюнунда Анарбек Жамакеев биринчи орунду мына ушул сыяктуу кызыккан маалыматтарды шашпай окуп алсаңыз болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз