Коом

Коомдук ишмер Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак image

20 Сент, 2016 1743

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак. 

Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.

Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде  СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп  шайланган. 

Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу  Эмгек "Кызыл Туу" ордендери жана медалдар менен сыйланган. 

1980-жылы каргашалуу окуянын айынан 53  жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

Кадыр Калилов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз