ММК

"Фабула": Бабанов оппозициянын милдетин аткара алган жок image

20 Сент, 2016 1722

Басма сөзгө баяндама

"Фабула"

"Парламент моралдык жактан шалга айланды" деген теманы коюп, парламенттеги саясий кризис тереңдеди, Жогорку Кеңештеги партиялардын көз караштары такыр келишпей, парламент өз функциясын аткарууга жарамсыз абалга кептелди. Аңдышмай, тоорушмай оюну кызып, моралдык жактан шалга айланды. Атмосфера булганып, дем алуу кыйындап калды. Иттин өлүгү каңырсыган жыттан арылуу үчүн тарап кетүүдөн башка арга жок деп жазды бүгүн жарык көргөн "Фабула". Фракция аралык мамилелердин учурдагы абалын сүрөттөп келген макала миллиондогон каражат чачып, эптеп Жогорку Кеңешке келген партиялар тарап кетүүнү каалабастыгын,  алдыда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү жана Бишкек шаардык кеңеши менен жергиликтүү бир катар шаарларда, айыл өкмөттөрүндө депутаттарды шайлоо өнөктүгү турганда ЖКти таратып жиберүү саясий жактан алганда олдоксон болоорун, катар-катар шайлоолорду өткөрүү саясий партиялар эле эмес, экономикалык жактан  алганда мамлекетке деле оорчулук жаратарын белгилеп, ошентсе да бийликтин каалоосу күч болсо, каражат ар дайым табылат деген ойду кыйытты.

Ушул эле алгачкы бетте Бекбоев Жалал-Абатты жетектеп калышы мүмкүн деген чакан маалыматка кошуп азыркы “Бир Бол” фракциясы менен Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетин жетектеп отурган Жаныбек Бакчиевге багытталган саясатта парадокс абдан көп учурайт, бир убакта Максим Бакиевдин өнөктөшү  болгон эми минтип комитетти жетектеп отурат, ууруну карма деп уруу кыйкырат, дегенге жарашат. Эми буга таң калганыбыз жок. Болгону жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат болуп жатат деген макаланы жазып коюшкан.

Майда макалаларды тизген алгачкы эле бетинде, Өзбекстандын күчтөрү Үңкүр-Тоодон чыгарылды дегенди,  калп камырабайт, чын чычалайт деп  кайра-кайра маалымат жыйын өткөрүп жатат деп "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге багытталган чакан маалыматты, киргенге эле тешик таппай турасызбы деген аталышта  Бабановго кайрылган маалыматты да тизди. Анда Бабанов оппозициянын милдетин аткара алган жок деп жазылат. Эки жылдан бери өкмөттүн кылып жаткан иши боюнча оппозициялык маанайда, экономикалык-чарбалык каржылык критерийлерге салып, бир да жолу  билдирүү жасабады. Кескин сунуштарды бере албады. Сыягы бул жагдай Бабановдун мококтугун жеке бизнесинин жыйында болушун ойлогон, өлкөнү ойлобогон кайдигерлигин далилдейт десе жарашчудай деген тыянагын "Фабула" пресс бурчу жазып  койду.

Кыргыз Улуттук университетинин азыркы ректору Чынара Адамкуловага гезиттин жообу басылган.  Бул кат "Адамдык бедели бийик Адамкуловага жооп" деп аталат. Окурмандарга тааныштырган редакциянын бул каты отурганда эле ээрге кыйшык отурду деп башталып, чындап эле Чынара Адамкулова менеджер, билим берүүгө бүгүнкү күндүн талабы менен караган, окуу жайдын кызматкерлери менен студенттерин сыртынан эмес, ичинен билген табылгыс кадрдыр, ошондуктан тизменин аягында болсо да  дайындалып жаткандыр деп ойлогонбуз, бирок анын тегерегинде болуп жаткан ар кандай сөздөрдү териштирип чын төгүн гезитке жазганыбыз жакпай биз менен соттошуп жаткан Чынара Адамкуловага "ооба, сиз мыкты эне, жакшы жар, күчтүү илимпоз, күйүмдүү бир туугандырсыз, бирок иш бар жерде кемчилик болбой койбогон соң, ачуу-таттуу сындарга чычалап, эмне кереги бар? Биз менен соттошуп убактыңызды короткончо окуу жайдын ишин эптеп, окуучуларды жөндөбөйсүзбү" деп кайрылышкан  "Фабуланын" эмгек жамааты.  Бийликти тазалоо- заман зарылдыгы деп азыркы коомдук саясий абалдан коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев көлөмдүү маек курган. "Акча түгөнгөндө" деген рубрикада "Фабуладан" дагы бир кызыктуу макала бар. Ал "укук коргоо уюмдары инвесторлор менен күрөшүү түйүнүн түзүүгө камынышуудабы" деген аталышта жарык көргөн. Анда Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ  Кумтөр менен Андаш кенине  “Бир дүйнө Кыргызстан  уюмунун тиешеси кандай?, эмнеге мындай маселелрге да бул уюмдар аралышп жатат деген суроонун тегерегинде сөз болот. Ушул эле бетте Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин пикир келишпестиги парламенттин тарашына алып келбейби деген суроону коюп айрымдардын жоопторун алууга жетишкен. Мисалы ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов саясий абал курчуп турганда парламенттин тарашы эч кимге кереги жок бирок бизде баары  болуп кетиши мүмкүн деген бүтүмүн келтирсе, башка депутат Алмамбет Шыкмаматов парламентти таркутуу жол жобосу баш мыйзамда так көрсөтүлгөн десе, Мекенчил партиясынын тең төрагасы Төрөхан Жунусбеков: ал вариант да каралып жатышы мүмкүн, референдумга кошуп деген пикирин айткан. Калган ойлор менен да бөлүшсөңүз болот. Элге баарынан мурда тынчтык керек деген, күнүмдүк жашоо тиричилиги менен алектенип жүргөн  карапайым калктын да пикирлери  орун алган. Карап коюңуз.

"Кыргыз Туусу"

Аталган басылма "Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун деңгээли да жогору болду" деген темада жарык көргөн. Лидерлердин мамилеси мамлекеттердин мамилесине шайкеш деген өзөктүү ойго, саммиттин өтүшүн эске салып, ага жогорку бааны алган КМШнын Бишкек саммити туурасындагы кеңири маалыматка  ортоктош болосуз. Президенттин иш күндөлүгү да  келген мамлекет башчылары менен өлкө президентиинин жолугушуусунан жазылат. Ал мамлекет башчылары урматтоо көрсөтүштү деп аталат.

"Кыргыз Туусу" пресс бурчундагы маалыматтарга көз жүгүртө өтөлү. Бул бетте чакырылбаган меймандарга чара көрүлөт деп Баткен районунун Ак-Сай аймагындагы Көк-Таш айлына чектеш кыргыз-тажик арасындагы чатак окуя катталганы туурасында жазылган маалымат, "Единая Россия" алдыга чыкканы , өткөн аптада Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиеевдун өлкө президенти Алмазбек Атамбаевди 60 жашка толгон юбилейи менен куттактап жатып чек ара маселеси да көтөрүлгөнү, чөө коркунуч сала баштады деген маалыматты, каракчылыкты токтот акциясы 22 –сентябрь күнү болот дегенди, Иззат Артыковдун АЮ-Курулуш компаниясынан алган үйү туурасында жазылган Иззат Артыковдун кош кубанычы деген маалыматты окуй аласыз. "Интернеттин кымбатчылыгын көтөрө алабызбы" деген күндүн актуалдуу темаларында жазылган жана "Улуттук университет уруучулуктан өйдө көтөрүлө албай койду" деген көлөмдүү макалалар да орун алган. Конституциялык реформадан да кеңири сөз бар. Ал эл өкмөттүн туруктуу иштешин колдоодо деген ЖКтин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун  жана Атамбаев өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатат дегенге ишенбейм деген аталышта мурдагы депутат Дамира Ниязалиеванын курган маектери  орун алды. Көз жүрүтүп өтүңүз.

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз