Коом

Сегиз айда 91 бала жол кырсыгынан каза болду image

22 Сент, 2016 1117

Ушул жылдын сегиз ай ичинде республика боюнча 91 бала жол кырсыгынын  кесепетинен каза тапкан.  

Өкүнүчтүү жагдайдын түзүлүшүнө жол эрежесин сактабаган   айдоочулар  жана жөө жүргүнчүлөр өзүлөрү  күнөөлүү дешет экспеттер. 

Андыктан окуу жылы башталгандан бери жол коопсуздугун  алдына алуу максатында Патрулдук милиция башкы башкармалыгы “Абайлагыла балдар” аттуу акцияны өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүп жатышат. 

Мындан сырткары билим берүү мекемелери жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндурүү иштерин мектеп окуучулар арасындажүргузүүдө.


Бегайым Абдыкадырова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз