ММК

"Политклиника": кыргызстандыктар чагымчыларды ээрчибейт image

22 Сент, 2016 1492

Басма сөзгө баяндама

"Политклиника"

"Доско күлкү, душманга таба болбогула" деген теманы коюп бүгүн "Политклиника" жаңы санын басты. Акыркы учурда Кыргызстандын саясатынын эң күчтүү эки адамы  Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев тирешип, бири-бирине компроматтарын жаадырып турган чагы. Бул коомчулукту дүрбөлөңгө салып, көпчүлүк бул экөөнүн кимисин жактаарын билбей, диллемада турган кези деп жазат бул макаласын "Политклиника" гезити. Анда  ынтымакка үндөп, буга чейин куулган Акаев, Бакиевдерди жана анын командасындагылардын табасын кандырып жатышканын белгилеп,  доско күлкү, душманга таба болбогула деп, акырында  акылга чакырган  эч ким жокпу деген  суроону коет. Ушул эле алгачкы бетинде Сакайып кетиңиз, “ Судьбе назло” деген макалага орун берип, президент Алмазбек Атамбаевдин ооруп калгандыгы элди кабатыр кылып жатканы белгиленет. Андан ары КРнын президенти өлкө Конституциясына оңдоолордун демилгечилери сунуштаган соңку текст менен таанышкан соң, бул мыйзам долбоорун колдоорун билдирген текстин мазмуну толугу менен басылган. Анда ЖКтин депутаттары Мамлекет башчысы жактырган Конституцияга оңдоолор боюнча элдин өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берип, мыйзам долбоорун референдумга коет деп ишенем. Депутаттардын мындай чечими КРнын көз карандысыздыгын бекемдөө, адилет жана натыйжалуу саясий система түзүүгө карай жалпы багытыбызды колдоо катары бааланат деп айтылат. Ошондой эле бул билдирүүдө өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын эли жана эл шайлаган Жогорку Кеңеши президент Атамбаевдин мамлекет жана мамлекеттик ишмердигинде эч качан жеке максаттары болбогонуна өткөн беш жылда ынанды деп ойлоорун  Кыргызстандыктар жана депутаттар чагымчыларды ээрчирине, Атамбаевдин бийликти узурпациялоо жана жалгыз президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калуу максаты жана каалоосу бар деген сандырак сөздөргө ишенерине көзү жетпесин белгилейт.  Каршылыктар жеке амбициялардан улам чыгып жатканын, Акаевдин жана Бакиевдин тушунда конституциялык өзгөртүүлөрдү бийлик ошол кездеги президенттер менен алардын үй бүлөлөрүнө ылайыктап өткөрүп келишкенин,  ал кезде оппозиция эмнеге каршы чыкканы түшүнүктүү болсо, тилекке каршы учурда  негизги каршылаштар жеке амбицияларынан улам чыгып жатканын, өзгөртүү зарылдыгына макул болгон менен маселеге бөгөт коюу үчүн ар кандай себептерди таап жатышат деп,  бул мамлекеттик мамиле эмес, бул өлкө келечегин тооготпогондук, ошондой эле алардын сунушталган оңдоолордун арты менен президенттин айланасынын бийликте калуу аракети деген аргументтери да суу кечпеси белгиленип келип, тексттин соңунда акыркы беш жылда биздин өлкөбүз чоң жеңишке жетти.

 

Кыргызстанда баарын эл чечип калды. Бул тынчтык  менен туруктуулуктун кепилдиги. Акаев жана Бакиев тушундагыдай революцияга чыгууга аргасыз кылбастан, бийликтин шайлоолор менен алмашуу салты калыптанды. Ошондуктан Жогорку Кеңеш Конституцияга оңдоо киргизүү боюнча бул мыйзамды колдоп, элдин өзү референдумга тандаганга мүмкүнчүлүк берсе, ал депутаттардын стратегиялык жана акыйкаттык туура чечими болуп калмакчы деп айтылат.

Майда маалыматтар Албек Ибраимовдун 29 жер тилкеси бар,  борбордук кеңештин депутаттары мэрди макташты, Отунбаева БУУнун сессиясында сүйлөйт деген аталышта орун алган. Бул санга ЖКтин депутаты Кубанычбек Жумалиев Комуз черткенди Роза Аманова үйрөткөн эмес, өзүм дыңгыратып эле ойнойм деген аталышта маек курган. Президентке кат рубрикасына "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" же № 19 МТУдагы коррупциялык  иштердин айыбын ачсам, өзүмдү жумушчулук ишимден кыскартып салышты деген аталышта Бишкек шаарынан Эркинбай Тоголоковдон жазылды.  Ушул эле бетте Тоо кен тармагынын адиси ардагер Орозбек Дүйшеевдин “Тоо кен тармагындагы кемчиликтерди оңдоого толук мүмкүнчүлүктөр бар” деген теманы койгон маакаласы да жарык көрдү. Ийгилик издегендер үчүн жеке ишкер Тилек Токтогазиевден пайдалуу кеңеш бар.

 

Ал Ким ката кетирүүдөн корксо, ал жаңы нерселерди баштай албайт деп аталат. Укса кулак сүйүнгөн сандарды белгилей кетейин. Кыргызстандагы ишкерлердин 61 пайызы жогорку билимдүүлөр, 17 пайызы магистр деңгээлиндеги 16% атайын орто билимдүүлөр,  6% орто билимдүүлөр деп дал ушул макаланын башында  статистика келтирилген. Окуп алсаңыз.

"Азия Ньюстан"

Бүгүнкү "Азия Ньюстан" Талгарбеков адилеттүүлүктү күтүп жатканын, "Кожобектин деңгээли манты менен пиво" деп Зарыл Рысалиевдин айткнадарын, Муфтий Мураталы ажыны Юсупов кыйнап өлтүргөн деп белгилеген Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун окуй аласыздар. Ошондой эле майда маалыматтардан Башкы прокуратура 6 миллион доллардын изин таппай атат дегенди, ажо үчүн башкаларга караганда Өмуркулов күйөт экен дегенди, “Ысык-Көл” фонду кайрадан текшерилеби, Гаипкуловдун “Каганаты” түштүктүн тынчыкмаларын төпөштөп турат дегенди, Аксакал генерал сөз айтса, же Мыктыбек Абдылдаев чайпалган кемебизди түз багытка салууга кеп кеңештерин неге айтпайт деген ж.б коомчулукта айтылып жүргөн ар кандай кептерди тизген маалыматтарды окуй аласыздар. Кошуналардан да жазылган макала бар. Ал Каримовдун ордун Мирзиеев ээлейт, анын ордуна Рустам Азимов келет деген аталышта орун алган. Элмурза кыргыз волейболун дүйнөгө таанытат деген аталыштагы макала КРнын волейбол федерациясынын вице- президенти Жеңиш Кызалаков, ардагер топ чапкычтар Аскар Жумагулов, Асанбек Мамырбаев Марат Аманкуловдордун пикирлери менен толукталып жазылган.

Анда алар  волейболдун дүйнөлүк чемпионаттын  катышуусуна зор салым коушп жаткан Элмурза Сатыбалдиевдин бул жааттагы салымдарын белгилешет. Андан аркы бетинде Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгындагы финансылык иштерине сереп салган укук коргоочу Качкынбек Булатовдун “Муфтияттын оюндары же ажылыктын алдамчылыгыбы” деген аталыштагы макаласы орун алган. Анда ажылык сапардан чогулган акча каражаттары муфтияттын өнүгүүсүнө каржыланса, анда кеп башка деп, муфтиятка тиешелүү акчадан куран окутам, карызга берилди деп жеке чөнтөктүрүнө ыйгарып койгон учурлар кездешет. Динге тиешеси жок ар кайсы долбоорлорго бердик деп коюшуп, акыры кумга сиңген суудай жок болуп калат. Ошондуктан Максат ажы муфтий болгондон бери текешрүү жүргүзүлө элек. Ал чогулган акчалардын кайда жумшалып жатканын коомчулукка ачык айкын билдирүүсү абзел деп белгиленет. Көлөмдүү макалага көз жүгүртүп алыңыз. 

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз