ММК

"Фабула": Төлөйкан эми Кыргызстанда жашашы күмөн image

27 Сент, 2016 1118

Басма сөзгө баяндама

"Кыргыз Туусу"

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жалпы дебатта сөз сүйлөгөн сөзүнөн алып, “Алганыбыз кымбаттап, бергенибиз бекер болууда” деген теманы алдыңкы бетине койду. Кыргыз бийлигинин улуттук, аймактык жана глобалдык маселелерге: эл аралык коопсуздук, климаттык өзгөрүү жана туруктуу өнүгүү максаттарына дүйнөлүк коомчулукту бурган позициясы гезитин экинчи бетинде Кыргызстан ЕККУнун ишмердигиндеги кош стандарттуулукка каршы деген аталышта уланды. Алганыбыз кымбаттап, бергенибиз бекер болууда деген тема Борбор Азия үчүн аябай маанилүү суу ресурстарын топтоп жана сактап жатканыбызга карабай  ал үчүн эч кандай экономикалык компенсация албай жатканыбызды, региондун жалпы кызыкчылыгы үчүн ГЭСтердин курулушу ашыктык болбосуна карата багытталат жана "карт" Европа Кадыржанды неге кадырлайт деп чоң жыйында сөз алып сүйлөшүн сынга алганын кошуп окуп аласыз.

Социалдык колдоо президенттин тапшырмасы менен ишке ашып жатканын бүгүнкү "Кыргыз Туусу" жар салды. Ал 1-октябрдан баштап пенсиялар жогорулайт деп аталат. Конституциялык реформага каршы чыккандар өкмөт башчысын, министрлерди каалагандай калчасак, жакпай калган күнү алмаштыра берсек дегендер деген Баш мыйзамдын реформасынан ЖКтин депутаты Бактыбек Жетигеновго сөз берген. Ушул эле жерде "Кыргыз темир жолу Улуттук Компания” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары, аппараттын жетекчиси Кубан Асанбековдун темир жолчулар Баш мыйзамдын долбоорун колдоого алышты деген аталышта маеги орун алган. Темага улай Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча демилгечилердин келтирген жүйөөлөрү менен   окурмандарды тааныштырат.. Алты жыл бою каталарга чыдадык деген Ички иштер минситрлигинин ардагерлери берген маалымат жыйындан да түшүндүрмө бар. Карап коюңуз.

Андан ары  Илимде чарчабаган дулдул, үй бүлөдө кеменгер ата эле  деген аталыштагы залкар окумуштуу, академик Жаныбек Жээнбаевди интеллегенциянын алдыңкы өкүлдөрү менен эскерген макалага орун берилген. "Кыргыз Туусунун" “Чоң оюн”. Улуу Памир үч державанын кызыкчылыктарынын барымтасында деген сандан- санга жарыялап жаткан эскирбеген тарых барактарына көз жүгүртүп алыңыз.

"Эркин Тоо"

Дагы бир расмий гезит "Эркин Тоо" эне сүтү менен кошо жаралган тилибизди кастарлайлы деген  мамлекеттик тил күнүн куттуктаган президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен баштады.  Өкмөттөн салттуу маданиятты  өнүктүрүү борбору түзүлөрүн  маалымдаган жана Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчуктун өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун кабылдамасында болуп,  инфраструктуралык долбоорлордун келечектеги каржыланышы боюнча сөз кылган "Долбоорду каржылоо көлөмү көбөйө берет" деген  чакан кабарлар жайгашкан. Андан ары Баш мыйзамдын тагдырын эл чечерин эскерткен Шашылыш кабыл алынган Конституцияны өзгөртүү учурдун талабы деген баш макала орун алды. Анда Конституцияны эмнеге өзгөртүү керек деген суроого жооп издегендер үчүн  өзгөрүүгө туш болгон беренелер менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк бар. Гезиттин бул санына эл эмгектен эскерет деп мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев туурасында профессор Кубат Осмонбетов көлөмдүү макала жазды. Макала Геология тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган деп аталат. "Эркин Тоодон" мамлекеттик маанилүү мыйзам актылары, өкмөттүн кезектеги токтомдору жана арзан турак жай 2015-2020-жылга чейинки программасынын толук мазумуну менен тааныша аларыңыздарды эскерте кетели.

"Фабула" 

"Фабула" бул санын душманга колтук ачкандар деп түрмө торунун аркасында Кадыржан Батыров менен укук коргоочулар Азиза Абдрасулова жана Төлөйкан Исмаилованы катар койгон сүрөтү менен укук коргоочу Турсунбек Акундун Азизаны билбейм, Төлөйкан эми Кыргызстанда жашашы күмөн деген сөзүн тема кылды. Бул тема гезиттин жетинчи бетинде Төлөйкан менен Азизага өзбек диаспоралары көп акча төлөп берген, ошондуктан деген аталышта сөз болот.Укук Коргоочу делген эки айымдын ишмердүүлүгү туурасында кенен сөз кылган Турсунбек Акун Кадыржандын жанында жүргөнү үчүн экөөнө тиешелүү чара көрүү зарыл. Анткени Кадыржан сот тарабынан өкүмү угузулган кылмышкер. Кылмышкерди коргогон бул дагы мыйзамдын негизинде жаза болуп эсептелет. Андыктан экөөнү тең жөн койгон туура эмес. Жазасын бериш керек деп бул маекте белгилейт. Алгачкы бетинде жайгашкан майда маалыматтар Абдраимовдун айныкейи кайнисине жукканбы?, Өткөндү эске салган Өмүрбек Абдрахманов мырза, мамлекеттин сырын төгүп бүтүптүр же Амангелди Муралиев, көзүн май баскан УКМК кызматкерине чара көрүлөбү? Кылычбек Султанов президенттен кечирим сурады, Рыспаев дүжүр депутатпы?, Текебаевден жүз үйрүп башташты, кыңыр иш кылгандар кылтакка илинет, бет карашпагандардын биригүүсү же Адахан Мадумаров, элчинин эсти оодарган жоругу же соц. түйүндөргө  сүрөтү чыгып кеткен АКШдагы Кыргызстандын элчиси Кадыр Токтогулов туурасында жазылган макалалар бар.   Жолдо жүрүү маданиятына ар бир адам жоопкер деп күн соболдон сөз таштады "Фабула". Анда акыркы учурларда жол кырсыктарынын саны өсүп, жарандарыбыз майып, же болсо каза болуп жаткан учурлар көп кездешкенин, бул өкүнүчтүү көрүнүшкө каршы чара көрүү же болбосо патрулдук милиция иштеп жатат деген максатта гезит сурамжылоо жүргүзгөн. Мисалы экс-министр Камила Талиева: мен да унаа айдагандыктан эреже бузуп айдаган айдоочуларды көп жолуктурам. Ал эми патрулдук милициянын ишмердүүлүгүн баалай турган болсок, бир топ жылыштар бар десе, журналист Султан Жумагулов жолдо жүрүү, айдоо бул маданияттын, аң сезимдин маселеси.  МАИ же жол полициясы деп атайбызбы андан көп нерсе өзгөрбөйт. Кырсыктарга көбүнчө айдоочулар күнөлүү албетте, бирок жолду туш келди өтүп жаткан же маалкатып мобилдик телефону менен сүйлөшкөн бойдон жол кесип жаткан  жүргүнчүлөр деген да бар   деп үн кошсо, депутат Алмаз Батырбеков айдоочулардын кайдигерлиги, шалаакылыгын белгилеп, Коопсуз шаар долбоору ише ашып андан соң патрулдук милиция  ишке киргенде жылыш болмок деген жүйөөсүн келтирген Башка дагы пикирлер бар, көз жүгүртүп коюңуз. Бул санга Топчубек Тургуналиев даярдаган мамлекеттик бийликти тазалоо же люстрация жөнүндө мыйзам долбоору орун алыптыр. Таанышып алыңыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз