ММК

Мохаммад Наджибулланы эмне үчүн дарга асышкан? image

4 Окт, 2016 1152

Дал ушул убакта 20 жыл мурун талиптер Афганистандын президенти  Мохаммад Наджибулла жана инисин Шахпур Ахмадзайды  дарга асышкан. Ал Афганистандын келечеги үчүн өмүрүнүн аягына чейин салгылашты. Наджибулла көзү тирүүсүндө  америкалык  «The New York Times» басылмасы менен акыркы маегинде  «Эгерде Афганистанда диний радикализм үстөмдүк кылса ,анда жарандык  согуш  узак убакытка созулат. Өлкөбүз терроризм жана  маңзат ташыгандардын борборуна айланат –деп баса белгилеген. Анын саясий  божомолун    Афганистанда 30 –жылдан бери уланып жаткан жарандык согуш  далилдеди. Мохаммад Наджибулланын өлүмү  бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатат. 

Эске сала кетсек, 1996-жылдын 27-сентябрда  Афганистандын президенти Мохаммад  Наджибулла  жана иниси   Шахпур Ахмадзайды талиптер мыкаачалык менен өлтүрүшкөн. Эмне үчүн Наджибулланын өмүр баянына кайрылганыбыздын себеби, ал 1979-жылдан бери Афганистандагы жарандык согушту токтотчу лидер эле. Бирок Наджибулла 1992-жылы тилекке каршы ага каршы айрым державалардын уюштурган кутумдун айынан  бийликтен кетип,  андан   кийин Мохаммад баатырларча курман болду.  Анын  өлүмү  бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калууда.

Батыш жана орустун  көпчүлүк эксперттеринин   пикиринде Наджибулла афган элинин чыныгы патриот уулу болгон. Эгерде анын көзү тирүү  болгондо, Афганистанда  30 жылдан ашык токтобой уланып турган согуш  токтоп, бул өлкөдөгү саясий абал  бүткүл дүйнөгө терс таасирин тийгизбес эле дешет. “Би-Би-Си» радиостанциясы  2004-жылы Наджибулла туралуу Кабулдун  тургундардын арасында  жүргүзгөн сурамжылоодо : «Доктор Наджибти  Афганистан менен Пакистан ортосундагы Дюранд сызыгы аттуу келишимге кол койбогон үчүн талиптер өлтүрүшкөн. Биз аны  Ахмад Шах Масуд  сыяктуу улуттук баатыр катары сыйлашыбыз керек. Өзүңөр көргөндөй Наджибулланын  Кабул жана башка шаарларда эч бир мүлкү  жок,жадагалса үйү жок. Мохаммаддын үй-бүлөсү Индияга качканга мажбур болуп, ошол жерде азыркы күнгө чейин жашайт- деп жооп беришкен .

Ал эми 2008-жылы  Кабулдагы  радиостанциялардын бири жүргүзгөн сурамжылоодо: « Мурда-кийин өкүм сүргөн саясый режимдин кайсы учуру, сиздин кызыкчылыкты көздөгөн деп эсептейсиз?-деген суроого» жооп бергендердин  93,2пайызы,  Совет учурундагы Наджибулланын доорун атаган.

Наджибулла 1947-жылы 6-августа  Кабулда туулган, улуту  пуштун жана Сулаймен –хель уруусунун  Ахмадзай тукумунан. Анын теги пуштун  ак-сөөк үй-бүлөсүнөн. Мохаммад  1964-жылы  «Хабибия», лицейин бүтүрүп, Кабул  университетинин  медицина адистигине тапшырган. Наджибулла 1965 –жылы  Афганистан  Элдик Демократиялык партиясынын мүчөлөгүнө өтүп, ал  элдин кызыкчылыгы  үчүн  падышанын бийлигине  каршы күрөшө баштаган. Анын мындай  революциялык  ишмердүүлүгү үчүн   бийлик эки жолу камакка алган. Наджибулла 1989-жылы советтик “Известия “ гезити менен маек куруп, журналисттин : Сиз эмне үчүн революциянын жолун тандап алдыңыз?”- деген суроосуна,  “Бала кезимде  афган аялдарынын оор ахвалын көрүп  бир жагынан уялып, экинчи жагынан  жаным кашайган. Алар талаада жүргөн айбан эмес да. Афган аялдары жакшы турмушта жашаш керек.–деп өзүмө суроо бергем. Ошол убакта революция туралуу   ойлогон эмесмин. Себеби мен  элим менен  Ата-Мекенимдин сүйчүмүн”  -деп Наджибулла жооп берген.

Ал  1975 –жылы   Кабул  университетинин  медицина факультетиндеги врач-гинеколог  адистигин ийгиликтүү  аяктаган. Ошондуктан аны доктор Наджиб деп аташкан. Мындан сырткары теңтуштары Наджибулланы балбандагы үчүн “Бука” деген каймана ысым коюшкан. Ошол жылдары Наджибулла Фатима Гейланиге  үйлөнөт. Фатима  Афганистандын атактуу падышасы Аманулла-хандын небереси. Мохаммад 1978-жылы Афганистанда  Саур  революциясы болгондон кийин  Кабулдагы   “Афганистан  Элдик Демократиялык партиясы” комитетинин жетекчиси болот. Ошол эле жылы   Наджибулла Иран Афган Демократиялык Республикасынын  элчиси болуп дайындалат. Бирок  Мохаммад  партиясындагы  ич  ара карама-каршылыктын айынан,элчиликтен  кеткенге мажбур  болуп, Наджибулла Москвада  баш паанек алган. Мохаммад 1979-жылы Афганистанга Совет Армиясы  киргенден кийин, Ата-Журтуна кайткан. Ошол эле жылы өлкөнүн ХАД –деп аталган коопсуздук  кызматынын жетекчилигине дайындалат. Мохаммад ХАДты   Жакынкы Чыгыштагы  күчтүү чалгындоо менен контрчалгындоо кызматын  түптөйт. Ошол эле маалда аны саясий душмандары бейкүнөө жарандардын канын төккөн -деп айыпташкан. Мохаммад 1983-жылы  генерал-лейтенант  аскердик наамын алуу менен Бабрак Кармалдын ордуна 1986-жылы 14-майда мамлекетти  башкарган элдик демократиялык партиянын  биринчи катчысы болуп шайланат. Наджибулла өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу менен качкындарды үйүнө кайтаруу үчүн, программа иштеп чыгат. Мындай иш -чаралардын негизинде 1987-жылдын октябрь айында расмий Кабулдун  тарабына 30  миң  моджахед жана алардын үй-бүлөлөрү 100 миңге жакын өтүшкөн.Ошол  эле учурда өлкөгө  Пакистан менен Ирандан 90 миң качкын кайтып келген. Бул жылдын декабр айында  мамлекетте улуттук курултай -Лойя Джирга өтөт. Лойа  Джиргада  Наджибулланы Афганистандын президенттигине өлкөдөгү көпчүлүк улуттар  менен диний өкүлдөрү шайлашат. 

Белгилүү орус илимпозу Владимир Пластундун пикиринде Мохаммад кыска убакыттын ичинде калктын арасында жана дүйнөлүк масштабда  зор кадыр –баркка ээ болот. Афган эли мамлекетинде тынчтык орнойт деген үмүтөрү пайда болот. Ал Кабулга каршы күрөшкөн  моджахеддердин командирлерине Ахмад Шах Масуд, Джелауддин Хаккани менен  Исмаил-ханга кайрылып: “Биздин максат өлкөбүздө ич ара согушту токтотуп жана элдин келечеги үчүн эмгектенели” –деген чакырыгынан  натыйжа чыккан жок. Наджибулла СССРдин башчысы Михаил Горбачев жана тышкы иштер министри Эдуард Шеварнадзеге Афганистандан советтик аскерлерди алып кетпегиле –деп суранган.  Тилекке каршы экөө  тең Мохамаддын өтүнүчүнө көңүл бурбай жана ага чыккынчылык жасашты. 1988 –жылы 15 –февралда Советтик Армия Афганистандан чыгып кетет. Совет саясий элитасынын көпчүлүгү жана батыш державалар Наджибулланын күнү бүттү деп бир жыйынтыкка келишет. Бирок Мохаммад моджахеддерге каршы дагы үч  жыл согушат. Наджибуллага СССР урагандан кийин , Россиянын президенти Борис Ельцин жана мурдагы Орто Азиядагы советтик  беш республиканын башчылары  кыска ойлонуп, ага жардам беришкен эмес. Дал ушул көз  караштын кесепети азыркы күнгө чейин Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатат. Аны  моджахеддер айрым Батыш державалар жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көмөгү менен гана жеңишет.

 

1992 –жылы 13-апрелде Наджибулла бийликтен кетерине беш күн калганда , жанындагы жети советтик  аскер кеңешчилерин моджахеддер барымтага алуу туралуу максатын билип калып, алардын башчысына: Силер советтиктер мага чыккынчылык кылсаңар да, мен силерди аман-эсен үйүңөргө жөнөтөм-деп сөзүн берет. Мохаммад сөзүнө туруп  советтик кеңешчилерди Ташкентке самолетко салып, ошол эле маалда үй-бүлөсүн Индияга качырууга үлгүрөт. Моджахеддер Кабулду басып алгандан кийин, Мохаммад жана   иниси Шапур Ахмадзай ,канцеляриянын башчысы, Тухси жана жансакчысы Джафсар менен Кабулдагы  Бириккен  Улуттар уюмунун кеңсесине жашынганга  мажбур болгон. Мохаммад чынында эле ушундай жогорку кызматтарда иштеп жана өлкөнү башкарып турган учурунда эч кандай байлык топтогон эмес. Бирок Наджибулла бийликтен кеткенден кийин, жарандык согуш токтомок турсун, дагы күчөдү. Ошондуктан элдин арасында Мохаммаддын кадыр-баркы дагы өстү. Моджаххедердин запкысынан чарчаган  Кабулдун тургундары ,калаадан   качып баратышып : “Жашасын Наджибулла!” –деп кыйкырышкан. Мохаммад жакындары менен бул кеңседе төрт жыл турганга аргасыз болгон. 1996-жылы талиптер Кабулдан  моджахеддерди сүруп чыгышкан.Талиптер эл аралык мыйзамды бузуп, БУУнун кеңсесинен  Наджибулла менен иниси Шахпурду кармап кетишкен. 

“Эмне үчүн талиптер мындай одоно кадамга барды?”- деген суроо жаралат.  Буга  жогоруда айтылган орус чыгыш таанучуулары  Владимир Пластун менен Владимир Адрианов «Наджибулла Афганистан геосаясий кысымдын курчоосунда» аттуу китебинде төмөнкүдөй жооп беришет. Эки илимпоздун айтымында ; “Талиптер аларды Кабулдагы  пакистан чалгын кызматынын жашыруун үйүнө алып барышкан. Себеби Наджибулланы Пакистан чалгын кызматынын генералы Аслам-Бек  ишеничтүү офицерлери менен  эки өлкөнүн ортосундагы  Дюранд сызыгы  аттуу талаш жер туралуу келишимге кол койгонго мажбур кылышмак. Дюранд сызыгында Мохаммаддын боордоштору пуштун уруулары жашайт. Булардын мүдөөсү Афганистандагы тектеш пуштундар менен бир мамлекетти түптөө. Пакистан чалгынчылары  менен талиптер Наджибулланы  жогоруда сөз болгон документке кол койдурганга мажбурлап, аны жана иниси Шахпурду мыкаачылык менен кыйнашат. Буга карабай  Мохаммад документке кол  койгон жок. Ошондуктан  Наджибулла менен Шахпурду     талиптер дарга асышкан” –деп  Пластун менен Адрианов баса белгилешет китебинде. Кыргызстандын айрым саясий ишмерлери Мохаммад Наджибулладан үлгү алыш керек.  

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз