Кылмыш

Аскаровдун былыктарын кимдер жактап жатат? image

5 Окт, 2016 1930

Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланышкан ишти карап жатат.  Белгилей кетсек, быйыл жаз  айында  Бириккен улуттар уюмунун  адам укуктары боюнча комитети  Аскаровдун камалышын мыйзамсыз  деп билдирип, бошотууну талап кылган.  Аталган уюмдун  сунушунун  негизинде Жогорку Сот 12-июлда жаңы ачылган  жагдайга  байланыштуу деген негизди жүйө кылып, Жалал-Абад облустук  сотунун  өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра  кароо  Чүй облустук сотуна  жүктөлгөн  болчу.

Айыпталуучу, күбөлөр, жактоочу жана мамлекеттик айыптоочунун  маалыматтарынан соң  сот  кеңешүү үчүн жыйындар залынан чыгып кетишти.  Ал эми Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ош коогаланы  боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров, Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. Камакка түшкөнүнө 6 жылдай  болуп  калган болчу.

Гүлжан Каражанова


Сүрөт телефонго тартылган


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз