Экономика

Интернет тарифтери арзандайт image

7 Окт, 2016 1232

Казакстан Кыргызстанга интернет тарифтерин кайрадан арзандатат. 

Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, тарифтерди мурдагы деңгээлде калтыруу боюнча эки тараптуу макулдашуу кабыл алынган. 

Андыктан буга чейин  ылдамдыкты төмөндөткөн кыргызстандык провайдерлер, аны мурдагы калыбына  келтирүүсү керек. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн Орусиядан интернетти түз алуу аракетин азыртадан баштоо керектигин айтышууда. 

Мээрим Абдраманова 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз