ММК

Конституцияга каршы чыккандар менен Батыровдун ортосунда байланыш болушу мүмкүн image

7 Окт, 2016 1106

Басма сөзгө баяндама

"Кыргыз Туусу"

2016-жылга пландаштырылган бардык мектептердин курулушу үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре бүткөрүлөт деген өкмөт жыйынындагы маалымат менен баштады бүгүнкү "Кыргыз Туусу", ошондой эле бул сандан Конституциялык реформадан саясат таануучу Марат Казакпаевдин Конституцияга каршы чыгып жаткандар менен Кадыржан Батыровдун ортосунда байланыш болушу мүмкүн дегенин, ЖКтин депутаты Карамат Орозованын  “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү шашылыш чечим эмес” дегенин, юридика илиминин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин Мамлекетте олигархтардын бийлиги орноду дегенин окуй аласыздар. Бул гезит анонс кылган макалалар. Эми андан ары барактайлы.  Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевдин кабылдамада болгону туурасындагы маалымат Куралдуу күчтөр жөнүндө камкордук- коопсуздукка камкордук деген аталышта,  андан кийин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган күндөн алынган Кылмыштуулук канткенде азаят деген маалыматты, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин өлкө башчысы менен жолугушуусу Улут коопсуздугу учурдун маселеси, деген аталышта, алдын албасак, кесепеттери менен күрөшөбүз деген  өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган күн жана антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловдон алынган коррупция менен күрөш кандай болууда деген, маалыматтар орун алган.

"Кыргыз Туусу" пресс бурчу болсо бир жагынан бюджеттегилерге айлык жетпей, өлкөдө кризис күчөп, салык топтолбой жатса, мындай кымбат баалуу килемде баскысы келген, крутой мерсте жүргүсү келген, швейцариялык саат тагынгысы келген аткаминерлердин жашоосу май талкан, камыр-жумур эле турайбы деп, Бажы кызматынын жарыялап жаткан тендери туурасындагы “чиновниктерди ким чидерлейт” дегенди, аягына чыкпаган Ак Кеме мейманканасынын чыры,  Араван районундагы мындан жүз жылдай мурун курулган мечитте бала бакча иштеп жатканын жазган Мечиттеги балээ, бакча болуп кетпесин деген маалыматты  жазды жана Япон вице министри Хирофуми Ханаока мырзанын илгери- илгери качандыр бир заманда Энесайдын айланасында бир эл жашаган экен анын  бир тобу балык уулап чыгышка кеткен, ал эми эт жегенди жакшы көргөндөр Борбор Азияга кетип кыргыз болуп калышыптыр деп кыргыз-япон форумунда айткан сөзүн “кыргыз япон бир тууганбы” деген чакан маалыматка батырып жар  салды. Андан ары Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын Президент Атамбаевдин тапшырмасына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жарыя кылган фактылардын айланасында тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзгөнүн билдирген имиш имиштин чындыгы же Айтылгандар аныкталган жок деген чакан маалыматын койду. Конституциялык өзгөртүүлөрдүн күнгөй тескейинен кеңири маалымат аласыз.

Мисалы профессор Бекбосун Бөрүбашев: - Конституциялык түзүлүш боюнча коом мамлекетти көзөмөлдөй албай калганын, мамлекеттик түзүлүш боюнча бийликтин бир да бутагы толук кандуу иштебейт жана жоопкерчилиги жок, алар мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктабайт. Конституциянын кепили боло албаганын,  мамлекетте олигархттардын бийлиги орногонун,  укуктук системада адам укугунун жобосу коомдун, жарандын укугуна үстөмдүк кылып, тебелеп кеткенин бул 41-берене боюнча, ошол себептен элдин суроо талабына жооп бербестигин, өтө саясатташкан документ болуп, 75%га жакын беренелер коомдогу саясий мамилелерге багытталып калганын, ички карама-каршылыктар, мезгилдин талабына дал келбеген жоболор орун алып калганын, демек элдин эгемендиги жана бийлиги саясий партиялардын колунда болуп калганын , депутаттык мандаттар сатылып, коррупцияны күчөткөн Баш мыйзамыды өзгөртүүгө болгон ушул сыяктуу себептерди санаган. Ушул рубрикада башка дагы жарандардын пикирлери бар. Окуп таанышып алыңыз.Аптанын чуулу окуясы болгон курттаган ундар туурасында кеңири макалага да көз жүгүртүп өтүңүз. 

"Фабула"

Замир мырза, кызматкерлериңиз” Аңги” болуп кетишкенби деген ак же көк деңиз деп Салык кызматынын башчысы Замир Осмоновго кайрылган суроо менен жаңы санын ачты. Бул суроо гезиттин төртүнчү бетиндеги оңтойсуз суроолор рубрикасында салыкчылар бандит болуп кетишкенби деген жерде уланат.Айтып оозун жыйганча деп сепаратист Кадыржан Батыров өзбектердин Азаттык радиосуна берген маегинен алынган баш макалага орун берген. Ал Батыровду Кыргызстандан чыгарып ийгенге көмөк көрсөткөндөрдүн арасында делген   Исмаил Исаковдун кулагы чындап көрүндү деп аталат. Андан ары айрым бир маалымат каражаттарына интервью берген мурдагы премьер министр Амангелди Муралиевге байланыштуу “атасынын эмгеги бааланбай ак жеринен күйүптүр” деген  чакан макала бар. Анда жашыруун сырды сатып олчойгон акчаларды алып жүрүп, айыбы аныкталып 22 жылга кесилген баласын ак жеринен кесилип кетти, жогорку кызматтарда иштеген атасынын эмгеги бааланбай калды дегенге “атасы чоң болуп иштегендин баласы чыккынчылык жасай бериш керепи, кудайды карасаңар боло деген гезиттин  жообу жазылган. Балтыр бит башка чыгат деп коомдук ишмер Зайнидин Курмановго карата айтылган сөздөр, кирешелүү делген Кыргыз темир жол тармагын сазга отургузду деп аталган ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев туурасында жазылган  макалалар да ушул жерде орун алган. Кыска маалыматтар Акыйкаттык кайда Ата Мекен , депутаттар көк бөрүгө түшөт, молдоке нике кыюуда абайла, Сариеваны эмне мынча кастарлашат, Азиз Мурадилаевдин абалы оор , Равшан Жээнбеков жээктен чыкты деген аталышта тизилген. 

Гезиттин бул саны парасыз тандоо, пайдалуу иш орду деп Кумтөргө ишке орношуу боюнча макалага орун берди.  Ушул тапта Кутөр алтын ишканасында “Катерпиллер”үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу техникаларга операторлорду тандоо жүрүүдө. Аталган кызмат орундарына көл кылаасындагы  Балыкчы шаарынын, Тоң жана  Жети Өгүз райондорунун жашоочуларын тартуу каралып жатканын жарыялайт.Бул макаладан кендеги 40 жумуш ордуна 1200 адам ат салышканын, бош жумуш орундарын толтурууга сынак жаыяланып бирок акча менен кирем дегендер алданып калаарын эскерткен, оор техникаларды башкаруучу 40 оператор тандалып алынса, кийинки жылы 80 жумушчу алуу пландалып жатканы туурасындагы маалыматтарды ала алсыз. Бул санга  Апамды уят кылбасам экен, аны кантип кубантсам деп турар элем деген аталышта ЖКтин депутаты Аида Салянованын кенен маегин окуп аласыздар. Депутат айым белгилегендей адам болуп калыптануунун жолунда мыкты чыгармалар, ойчулдардын акылман сөздөрү болот. 

Китеп адамды жаман жакка эч качан үндөбөйт. Мына ушундай билим алууга  чакырган Салянованын татынакай маегине  жана Бишкектеги 65-лицейдин  башталгыч классынын мугалими Лейла Үтүрованын Эжейим манты жасап кел деди деп деген аталыштагы кызыктуу маегине да ортоктош болосуз.

Таалайгүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз