Коом

Башар Асад: "Сирияда 3-дүйнөлүк согуштун жыты келип жатканы байкала баштады" image

17 Окт, 2016 1528

Россиянын  “Комсомольская правда” гезитинин белгилүү журналисти Дарья Асламова  “Башар Асад: Сирияда 3-дүйнөлүк согуштун жыты келип жатканы   байкала баштады” аттуу макаласын жазып чыкты. Россиялык  кесиптешибиз  Сирия  Араб республикасынын президенти Башар Асад менен өлкөдөгү кырдаал  жана жакынкы арада үчүнчү дүйнөлүк согуштун кайсыл себептерден улам башталышы мүмкүн экени тууралуу маек курган. 

Асаддын айтымында, расмий Дамасктын өнөктөштөрү Россия, Иран жана “Хезболла” уюму террорчуларга каршы күрөшүдө. Ошол эле маалда айрым мамлекеттер согушкерлерди колдоп, Сириянын ички иштерине кийгилишип  жатканын айткан, Башар Асаддын пикиринде, азыркы дүйнөдөгү абал - кансыз согуштун уландысы. Себеби  бул согушту  Батыш өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттары   СССР куласа да токтоткон эмес. Сирия жогоруда айтылган согуштун бир гана бөлүгү. Ошондуктан мындай  кырдаалдын   башкы максаты - дүйнөдө Вашингтондун үстөмдүгүн сактап калуу экенин айтты. Асад  Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларга токтолуп, анын себептерин талдап, төмөнкүчө түшүндүрөт:

Дамаск менен Тегерандын ортосунда  жакшы мамиле бар. Ал эми Сауд Аравия Иранды ар түрдүү  себептер менен  толук талкалагысы келет. Алардын мүдөөсү Сирия менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштарды бузуу. Сириянын талкалануусу Иранга терс таасирин  тийгизет. Андан тышкары Батыш өлкөлөрү Дамаск менен Москванын ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты жактыра бербейт. Демек, Батыш мамлекеттери анын өлкөсүнүн таш-талканын чыгарып Россияны алсыратууга умтулат- дейт Сириянын президенти Башар Асад. Биринчиден, Сириянын  кылымдар бою  Жакынкы Чыгыш  чөлкөмүндө  тарыхый ролу абдан зор. 

Экинчиден, Сирия Орто Деңиз аймагында тогуз жолдун тоому. Ошондуктан бул өлкөнү  басып алыш үчүн  Иса пайгамбарга чейин күрөш жүргөн. Эгерде  Сирияга кайсы бир мамлекет үстөмдүгүн орнотсо, ошол мамлекет бүткүл аймакты көзөмөлгө алат-  деп билдирди Башар Асад. 

Россия  терроризмге каршы   аоесуз салгылашып  жатат. Орустар террорчулар менен болгон салгылашууда Жакынкы Чыгыш, Европа менен бүткүл дүйнөдө тынчтык үчүн күрөшүүдө. Россия терроризм күч алып жатканын түшүнүүдө, себеби америкалыктар Афганистанда 80-жылдардан  тартып бүгүнкү күнгө чейин террроризмди картанын көзүрү сыяктуу пайдаланууга болот деген ишеничте. Ошондуктан, Сирия Россия менен Батыштын ортосундагы жаңжал аймакка айланды – деп АКШны кескин сындады Башар Асад. 

Мындан сырткары, ал Түркия “Ислам мамлекети” деп атаган террордук уюмду түзүп, ага көмөк көрсөтүп, согушкерлерге  мунайыбызды Түркия аркылуу сатканга уруксат берип жана  мындай соодага Эрдогандын баласы менен анын жакын адамдары катышкан -дейт Башар Асад. Булардын баары  ДАИШке тийешеси бар. Бүткүл дүйнө билет бул жөнүндө, - деди Сирия президенти. Түрктөр “Ислам мамлекети” террордук уюмду, жергиликтүү аскер күчтөрү  жана абадан сокку уруу менен жеңдик деп ишендирүүдө. Бул жаңы күчтөрдүн ДАИШ менен түбү бир  жана аны түрктөр өздөрү  түптөгөн. Бирок Анкара  ДАИШтен тартып алган аймактарды дагы бир башка күчтөргө көзөмөл кылууга берип жатабыз- деп жар салууда. Эрдогандын максаты Сирияда  Ан-Нусраны колдоо. Акыркы жылдары ал “Ислам мамлекети” террордук уюм менен карым–катнаштары үчүн туңгуюкта калганын сезди. Эрдогандын идеологиясы “Мусулман агайындар” деп аталган террордук топтун экстремизм жана зордук-зомбулук көз караштары менен жаңы Султанатты куруу - , дейт Башар Асад. 

Ал ошондой эле, Эрдоган эки идеологияны аралаштырып Жакынкы Чыгышты көзөмөлгө алам деген мүдөөсү бар экенин айтты. Ошондуктан жогоруда айтылган “Мусулман агайындар” террордук уюмуна жардам берүүсүн улантууда. Азыркы күндө Түркия менен Россия жакындашып жаткан учуру. Жакынкы арада Москва Анкараны согушкерлерге көмөк көрсөткөнүн токтоттуруп, чек арасы аркылуу баш кесерлерге бөгөт коет деп үмүттөнөм. “Ислам мамлекети” жана   Ан-Нусра деп аталган топтор гана эмес, өлкөбүздү түбүнө жеткирген ар бир  террорчуну да Израиль  колдойт. 

Кээ бир учурларда  Израиль кыйыр түрдө террорчуларга жашыруун маалыматтарды  берет. Айрым  убактарда Сирия армиясынын күчтөрүн  бомбалап, аларга көмөк көрсөтөт. Эмне үчүн? Анткени  Израиль Сирияны  душман катары көрөт. Эгер Сирия күчтөн тая турган болсо, Израиль басып алган Голан бийиктиктерин кайра кайтарып алуу боюнча келишимге кол коюлбайт. Ошондуктан Израиль Ан-Нусра жана ДАИШ, жадагалса Аль –Каида менен байланышкан топторду колдой бермекчи – деди Башар Асад. 

Өлкөбүзгө  каршы жүздөн ашык мамлекеттен келген башкесерлер согушуп жатат. Себеби Батыш өлкөлөрүндө жашаган  үчүнчү жана төртүнчү муундагы мусулман тектүү жарандардын арасында вахабизмдин үгүт иштерине жол ачып берген. Булар эч качан Жакынкы Чыгышта жашаган эмес жана араб тилин жана Куранды билбейт. Ушул себептерге байланыштуу  мамлекетибизде Европадан келген согушкерлер көбөйдү. Алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан биз согушкерлердин көзүн аесуз тазалап жатабыз. Бирок террорчу уюмдардын пропагандасын  Фарс булуңундагы мамлекеттер каржылоосун улантууда. 

Биз мындай идеологияга каршы башкача иш-чара жүргүзүбүз  зарыл - деди Сирия лидери. Батыш мамлекеттерине Сириядагы абал туралуу чындык кереги жок. Алеппо Дамасктын эгизи. Дамаск өлкөнүн саясий борбору. Ал эми Алеппо мамлекеттин экономикалык ордосу. Бул калаабызды террористерден бошотсок, анда улуттук жана стратегиялык дэңгээлде саясий жеңиш болот. Биз ушул кадам менен өлкөбүздүн башка шаарларынан террорчуларды сүрүп чыгарабыз. Сириялыктарга Ата-Мекениңде калгыла, үй-бүлөндү башка өлкөгө качырганын туура эмес. Мындай көрүнүш мүмкүн эмес деп чакырар элем. Мен өзүм баш болуп мамлекеттин патриоту болушум керек. Өзүндүн армияңа, үй-бүлөңдү коргой албайт деп ишенбесең. Анда кантип адамдарды өзүңө ишендиресиң. Ошондуктан үй-бүлөмдү башка өлкөгө качырам деген ой менде болгон жок-деп жыйынтыктайт маегин Сириянын президенти. 

Башар Асаддын  маегинен   кийин айрым эл аралык уюмдар жана мамлекеттер адам укуктарын коргомуш болуп, Кыргызстандык кылмышкерлерди колдоп  жатканы  таң калыштуу эмес. Азыркы күндө  Бириккен Улуттар Уюмунун  адам укуктары боюнча комитети  Азимжан Аскаровдун камалышын мыйзамсыз  деп билдирип, бошотууну талап кылууда .   Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ош коогалаңы  боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров, Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. Камакка түшкөнүнө 6 жылдай  болуп  калган болчу. 

Ал эми Америка Кошмо Штаттарында полиция кызматкерине Азимжан Аскаров  кол салса, анда расмий Вашингтон аны мыйзам чегинде катуу жазаламак. Ошондой эле   сепаратист Кадыржан Батыровдун Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынында айткандары   кызуу талкууда. Улуттар аралык жаңжалды тутандырган деп  айыпталган адамга эл аралык уюмдун сөз бериши коомчулуктун нааразылыгын жаратты.  

Эгерде Англияда Батыровго окшогон сепаратиске Британиялык атайын күч түзүмдөрү, өзгөчө жазасын расмий түрдө бермек. Батыров да Батыш Европадагы өлкөлөрдүн биринде саясий баш паанек макамына ээ болгон. Демек Евробиримдик жогоруда айтылган террористер  менен кылмышкерлерди колдойбу деген суроо дагы жаралбай койбойт.


Алмаз Батилов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз