Коом

Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди image

19 Окт, 2016 1366

Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай аракет туруксуз аба- ырайына байланыштуу. Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарындагы кар борошосуна байланыштуу унаалардын каттамы оорлоду. Мындан улам министрлик алыскы жолго чыккан айдоочуларга жолго керектүү шаймандарды ала жүрүп,жайкы дөңгөлктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин эскертет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз