Коргонуу жана коопсуздук

Мамлекеттик күч түзүндөрүндөгү курал-жарактар тыкыр көзөмөлгө алынат image

22 Окт, 2016 2057

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн баардык кампаларында сакталуучу курал-жарак толук тактоого алынат. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров учурда Башкы штаб өзүнчө комиссия түзүп курал-жарактар толук Инвентаризациядан өткөрүлүп жатканын билдирди. Тактоо иштери баардык органдарда жүрүп жатат. 

Курал жарактардын саны, аларды сактоо боюнча баардык маалыматтар Башкы штаб иштеп чыккан электрондук каттоого алынат. Темир Жумакадыров учурда адистер курал жаракты өлкөнүн аймагында мыйзамсыз сатуу, сактоого карата жазаны күчөтүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз