Кыргызстан жаңылыктары

Фабула: Барган жерин "ириткен" Аргынбек Малабаев image

4 Нояб, 2016 2107

КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол” коалиция түзүштү. Референдум өтсө парламент тарайбы деген темаларды койгон Фабуладан баштайлы. Муз козголду же Референдум өтсө парламент тарайбы деген баш макалада референдум өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзамды парламент кабыл алып,дал ушул маселе саясаттагы кырдаалды кескин өзгөрткөнүн, көз караштардын кагылышуусу  жеке инсандык абройго шек келтирген деңгээлге чейин жеткенин, ич күптү таарыныч мамлекеттик масштабга көтөрүлүп, саясаттагы өнөктөштөрдүн , санаалаш үзөңгүлөштөрдүн мамилесине доо кеткенин, бирин-бири каралоо, көө жабуу апогейине жетип, ортодогу сый көңүлдүн жиби үзүлүп, касташкандар табышып, достор ажырашкан абалга келди деп сыппаталат.

Айрым мисалдар тартылат. Бийликке ким өз, ким жат экендиги боюнча картина ачылды. Конституцияга өзгөртүүгө каршы чыккан Текебаев Атамбаевди жерине жеткире сындап, ошол эле учурда бийликке ким кас, ким дос экенин электен өткөрүп берди деп жазылат.  Саясий чөйрөдөгү аткаминерлердин эки жаат болушуп кызыл чеке болушканы менен карапайым калк баш мыйзамдын өзгөрүшүн трагедия катары кабылдашпаганын, саясий аналиктиктердин референдум өтсө, парламент Конституциялык жаңы түзүлүшкө ылайык тарай турганын белгилеп, ЖК декабрдын аягында жаңы жылга жетпей тарап , келээрки жылдын февраль айында жаңы парламенттик шайлоо өтөт деген божомол да  келтирилет. Жана кийинки чакырылышта кайсы  партиялар келээри да жазылып, Конституцияга каршы чыккандар дал ушул сценарийдин ишке ашып кетишинен чочулашып, референдумду  өткөрбөй үзгүлтүккө учуратууга  катуу аракет көрүшөт. Тилекке каршы муз козголуп, океан мейкиндигине чыкты. Эми кимде-ким айсбергди сүзөм десе, “Титаниктей” талкаланып чөгөт деген бүтүмү чыгарылат, бул макалада.

Фабула бүгүнкү санында барган жерин ириткен деп Аргенбек Малабаев туурасында жазды. Анда Малабаев учурунда кабыл алынган бир топ долбоорлорду пайдасыз деп белгиленет. Буга мисалды коншу Казакстан, Өзбекстан  ички каттамадарында жогорку ылдамдыктагы поэзддерди ишке киргизип, миңдеген жумушчу орундарды түзүп темир жол транспортун өнүгүү жолуна түшүрүп жатышканын, ошол эле туңгуюкта жайгашкан деген Тажикстан жүздөгөн жаңы вагондорду сатып алып, жаңы каттамдарды ачып жатышканы келтирилет. Биздин гана Темир жолдо кыскартуулар, талкалоолор, талап тоноолор. Көзгө көрүнөрлүк бир да иш жок деп,  мурдагы Малабаевди жемелеген фактыларга орун берилет.

Майда темалар Сапар Исаков мураскорбу?, Акылбек Жапаров элден башкачабы? Жакупова  укук коргоочулукка кетет, Конгантиев секирди же Бабанов менен ыркы келишпей, Кыргызстан партиясына өттү, Токтоайымдын токмогу, туалет, душка зар болуп, депутаттар Текебаевдин көзүнө “Лох” көрүнөбү? деген аталышта орун алды.Башталат баары майдадан,- дейт Фабула, буга мисал катары намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне? Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп, үй бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу, кыргыз мырзаларына көрүнүш болбошу керек го.

Тилекке каршы мындай көрүнүштөр бар деп, мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка  алдырып, баратышы олуттуу маселе деп ага  аялдын этегин кармап күн көргөн эркек, эркекпи деген теманы коюп бир катар кыргыз мырзаларынын жообун жарыялаган. Окуп таанышып алыңыз.

Экономикалык темадагы жазылган макалалар да бар. 600 кыргыз ишканасы менен кызматташкан “Кумтөр Голд Компани” стратегиялык мааниге ээ деп, анын экономикалык көрсөткүчтөрүн талдаган. Бул макаладан 1994-жылдан 2015-жылга аралыгында төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,96 млрд долларга жеткени көрсөтүлөт. Бул сумма азбы көппү дегенден кабардар болом десеңиз,дал ушул жерден салыштырып көрсөңүз болот. 

Саясий максатка жетүү үчүн мамлекеттик ишканага шек келтирбеш керек деп бүгүнкү Фабулага Эл аралык “ Манас” аэрпортунун Башкаруу Кеңешинин башчысы Эмир Чукуев маек курган. Ушундай  эле көлөмдүү маектерди же саясаттан тышкары курулган кептерди бүгүн “Замандаш” саясий партиясынын тең төрагасы Жеңиш Моолдокматов “Кыргызбыз да шаарда көпкө туруп калсаң ат жалын сагынасың” деген аталышта жана  академик Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун жан дүйнөсү кең эле деген аталышта тартуулашты.

7-ноябрь-Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз туусу төрт суроону коюп төрт журналисттин жообун баскан. Учурда чыгып жаткан гезиттер купулуңузга толобу деген суроого “Биринчи Радионун баяндамачысы , маданиятка эмгек сиңирген ишмер Таалайгүл Чабдаровадан да  сурап көргөн. Баары эле элдин купулун толтурат дегенден алысмын, далилденбеген фактылар да кетип жатканын белгилеген.. Калган гезиттердин денгээлин кантип көтөрүүгө болот? Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары өзүнүнү вазийпасын кандай аткарып жатат? Келечектин гезити кандай болуш керек деген суроолорго жооптор бар.Толук таанышып алыңыз. Кыргыз Туусу пресс бурчу болсо, укук коргоочу айым 54 жаштагы жаранды сабады деп шектелүүдө дегенди, быйыл электр энергиясы көп пайдаланылып жатканын, Ак талаалыктардын муктаждыгы чечиле баштаганын, Тажикстанда электр энергиясы ченем менен бериле баштаганын, Лейлекте кайра иштетүүчү эки ишкана курулаарын  маалымдады.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз