ММК

Өзгөчөлөнгөн 11 медиа долбоордун ар бирине 70 миң сомдон берилет image

7 Нояб, 2016 1138

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Ошондой эле өзгөчөлөнгөн 11 медиа долбоордун ар бирине 70 миң сомдон берилет. Салтанатта сүйлөгөн өлкө башчысы азыркы журналистиканын күңгөй-тескейлерине токтолду. 

Президент сөзүнүн башында журналисттерге кесиптештер деп кайрылды. Өлкө башчысы мунун себебин жаш кезинде колуна калем кармап, чыгармачылыкка жакын болгону менен түшүндүрөт. Ал маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жалган маалымат таратпоого чакырды.

Маалымат маанилүү болгон доордо кубаттуу өлкөлөр медиа тармагына өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Дал ушул жагдайды эске салган мамлекет башчы Кыргызстанда чет элдик маалымат каражаттары көбөйгөнүн белгиледи. Сырттан каржыланган мындай мекемелер ошол өлкөнүн кызыкчылыгын көздөйт деп сынга алууда.

Өлкө башчысы журналистика, маалымат маселелери менен чектелген жок. Энергетика тармагынын күңгөй-тескейине токтолуп, өнүгуп жаткан өлкөлөрдүн баарында электр энергиясынын баасы Кыргызстандагыдан кымбат экенин эске салды. Президент “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра” менен болгон маселе чечилип, өлкө белгилүү өлчөмдө каражатка ээ болоорун да  белгилейт. Атамбаев журналисттерди Кыргызстанда болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө көңүл бурууга чакырды.

Жолугушууда "Биринчи радионун" башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова, “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубан Таабалдиев, КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын жетекчиси Жылдыз Жумабекова баштаган журналисттер өлкө башчысынын колунан кол саат белек алышты. Ошондой эле өзгөчө медиа долбоорлор да көңүл сыртында калган жок. “КТРК Кербени”, “Мурас”, “Эпоха перемен”, “Улут уюткусу” өңдүү 11 долбоордун авторлорунын ар бирине 70 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"    

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз