ММК

“Политклиника”: коррупцияга аралашкандарды президент аябайт image

10 Нояб, 2016 1204

Басма сөзгө баяндама

Бүгүнкү “Политклиника” "Жаңы өкмөт курамы, жан сакчылыктан министрликке кеткен жол" деген теманы алгачкы бетине койду. 

Бул тема кечээ күнкү Жогорку Кеңеште өкмөттүн 12 министрликтин алтоосунда жана төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашкан  жаңы курамын бекиткен маалыматка арналды. Өкмөттүн курамы менен тааныштырган гезит айрымдардын пикирлерин жарыялады. 

Мисалы Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов жаңы өкмөттүн курамы канааттандыралык эмес десе, мурдагы депутат Курманбек Осмонов жакшы эле көрүнүш, жетекчи өзү ишеним артып, ушул иштеп кете алат деген адамдарын кызматка алып келет деп бааласа, саясий серепчилер Искендер Ормон уулу негизги чечүүчү министрликтер ордунда эле калды, жаңы министр ким болсо да анын мойнуна чоң жоопкерчилик илинет. Калганын баарын убакыт көрсөтөт да  деп ойлонсо, ушундай эле ойдо дагы Бакыт Бакетаев мурунку министрлер алмашканы туура болду, менимче ички иштер министри болуп жаткан Улан Исраиловду президент көп жылдан бери бул кызматка тарбиялап, даярдап келген болуш керек. Эгерде бул жигит коррупцияга аралашып кетсе, анда президент аны да аябайт. Азыр президент кадр маселесин чечип жатат деген оюн билдирген.

Уктуруунун уландысын төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз