Коргонуу жана коопсуздук

Борбор Азияда террордук актыларды пландаган топ кармалды image

15 Нояб, 2016 1826

Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана Борбор Азияда ири террордук актыларды пландаган топ Россиянын кармалды. 

Өткөн аптанын соңунда кармалгандар автомат жана жардыруучу заттарды пайдалануу менен эл көп чогулган жерде теракт жасоону пландаган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети кармалгандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун тактап жатат.

Террордук топ Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында кармалган. Шектүүлөр бардык жасагандарын моюндарына алышканы айтылууда.

Серепчилер учурдун чакырыктары Кыргызстандын күч түзүмдөрүн ар дайым даяр болууга мажбурлаганын белгилешет.

Ал арада мамлекеттик Чек ара кызматы ар кандай коркунучтардан улам чек араларды кайтарууну бекемдөөдө.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз