ММК

"Фабула": "Ата-Мекенчилердин" былыгы чубала баштады image

15 Нояб, 2016 1108

Басма сөзгө баяндама

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Мегакомдун” 50% акциясын 50 миллион долларга сатууну көздөгөнбү? - деп УКМКнын башчысынын маалыматынан кийин өлкө президентинин Башкы прокурор Индира Жолдубаевага кыргызстандык “Альфа Телеком” ишканасынын 50 пайыз акцияларына ээлик кылган Белиз мамлекетинин “Саутфилд” оффшордук компаниясындагы бенефициалардын, тактап айтканда Жогорку Кеңештин үч депутаты болгон Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун пайдасындагы жалпы суммасы 22 пайыз болгон үлүштөр тууралуу 2012-жылдын 4-апрелиндеги трасстын расмий документтерин текшерүүнү тапшырганын жазган  “Былыгы чубала баштады” деген тема менен "Фабула" бүгүнкү санын тартуулады. Андан ары “Кыргызстандын” же аталган партиянын калпы эстен тандырды, Эшимбеков жеп ичкичтер менен табакташпы? Самаковдун сотунан, Тазабек айткандан кийин тазалаш керек деген темалардагы майда макалалар жайгашкан. Андан башка ушул эле бетте "Ишке тың эле, үмүт чоң же Чолпон Султанбековага, жол ачкыла", "Жеңиш келе жатат" деп вице премьер министр Жеңиш Раззаковго, “телекомдун тентектери” деп мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиевге, “Кыргызалтынды” сызга отургузгандар жооп береби деп аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Алимбековго, багы тоодой деп, Батыралиевге багышталган майда макалалар да тизилген.

Басма сөзгө баяндаманы төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз