ММК

Фабула: Султанов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт тобуна 100 миң сом которгон image

22 Нояб, 2016 3291

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көрчү "Фабула" Белизгейт темасы менен баштады. Абдил Сегизбаев эмнени жашырган деген аталышта жаңы санын чыгарды. “Акипресс” сайтынан которулган бул макаланы, гезиттин 10-11-бетинде Сегизбаев эмне тууралуу унчукпады же трасттык декларация деген эмне жана Бакиев менен Текебаевдин ортосунда кандай эки тараптуу милдеттемелер болушу мүмкүн эле деген аталышта толугураак тааныша аласыздар. Алгачкы бетиндеги "Фабула" пресс бурчу бүгүн Келдибековдун 10 миллион сом төлөгөнүн, жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынганын, Кылычтын кылыгы же Малайзиядагы мурдагы элчи Кылычбек Султанов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт тобуна 100 миң сом которгонун, Турдуназир Бекбоев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалганын, талаштуу тендер же мал жандыкты идентификациялоо боюнча мамлекеттик тендер чыр менен коштолуп отуруп аягына чыкканын, Садык Шер саясаттан чарчадыбы дегенди, Рустамов жаныбарларды коргойбу же кордойбу дегенди, Белизден Иса Өмүркуловдун дагы кулагы чыкты дегенди, КСДПчы Данияр Аттокуров” Фаворит Трансс” фирмасын бир тууган инисинин атына каттатып,кызматынан пайдаланып коррупцияга барып жатканын партиялашы Ренат Самудиновдун жар салганын, “Өнүгүү Прогресс" шайлоодо өксүйбү дегенди жана Жээнбеков Жоомарт Жумабековду жолго салганын  жазды. 

Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз