ММК

Мосулдун тургундары АКШны айыптап жатат image

23 Нояб, 2016 1368

Россиялык Лента.ру интернет булагынын журналисти Рыбин “Вавилондун тагдыры” аттуу макаласында: “Эмне үчүн Мосулдун тургундары  запкы тартканы үчүн ДАИШти гана күнөөлөбөстөн, АКШны да айыптап жатат ? -деген суроого  жооп издеген. Рыбиндин айтымында 2014-жылы “ Ислам мамлекети”-деп атаган террордук уюм Мосулду басып алганы, согушкерлер үчүн чоң жетишкендик болду. Азыркы учурда  Мосулдан Ирак аскерлери жана шииттер  ыктыярчылары менен  курд бөлүктөрү  америкалыктарга таянып исламчыларды сүрүп чыгарууда. Бирок Мосулду бошоткондон кийин, калааны ким башкарат?- деген суроо жаралат. Анткени бул шаарда  жакынкы убакытка чейин  ар түрдүү  улуттагы диний агымдын өкүлдөрү чогуу жашаган. 

Ошондуктан Мосулду байыркы Вавилон менен салыштырчу. Мосулдуктар  өлкөдө мындай согушту биринчи диний радикалдар баштаган жок. Бул диний согуштун себепкери Саддам Хусейнди бийликтен алып түшкөн- деп эсептейт. Автор мосулдуктардын пикирин төмөнкүдөй  себептер менен түшүндүрөт: Ушул калааны  ДАИШтин согушкерлери басып алганга чейин, ал Багдадка баш ийчү. Анткени жогоруда сөз болгон шаар, иш жүзүндө мамлекеттин экинчи борбору болчу. Калкынын саны 2004-жылдагы маалымат боюнча 1,8 миллион адамга чейин жетчү. 

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Рахматулла Кудапйбердиев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз