Саясат

Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар катышат image

25 Нояб, 2016 1913

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга карата тизмелерди тактоо иштери жүрүп жатат. Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар  катышат. 26-ноябрга чейин  ар ким өзүн  тизмеден тактоого тийиш. 

Ал арада шайлоодо фальсификация болоорунан күмөн  санагандар да  болууда. Ал эми жарандардын көпчүлүгү  добуш берүүгө даярдыктарды көрүп  жаткандыктарын айтууда.

Кошумчалай кетсек, 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге  шайлоо жана референдум өтөт.  Бул жолу жарандар  22 шаарда жана 384 айылда жергиликтүү кеңешке депутаттарга добуш берет. 11-ноябрда шаардык кеңештерге, ал эми 26-ноябрда айылдык кеңештерге үгүт иштери башталды. 

Ал эми  Бишкек шаардык кеңешке 14 партия ат салышууда. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз